Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты №22/1
Кашка-Жол айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө » Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарынын, жериликтүү жамааттын Типтүү уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депутаттардан түшкөн сын пикир, сунуштарын эске алып, Кашка-Жол айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Кашка-Жол айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8- пункутуна таянып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Тиркемедеги Кашка-Жол айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставы бекитилсин.
2. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Типтүү уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кашка-Жол айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Жол айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы: Т. Оморов
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин кезектеги жыйырма
үчүнчү сессиясынын ( VI чакырылыш) жыйналышынын
13.03.2020-жылдагы №22/1 токтому менен бекитилген
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн
ТИПТҮҮ УСТАВЫ
Кашка-Жол айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын
негизги түшүнүктөр жана терминдер
Типтүү уставы
Жалпы жоболор.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер.
Жергиликтүү жааматтын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруунун түз катышуу формалары.
Жергиликтүү жааматын жергилктүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу.
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну экономикалык негиздери.
Корутунду жоболору.
1.Жалпы жоболор
1.1.Кашка-Жол айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы-жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кенештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.
1.2 Ушул устав Кашка-Жол айыл аймагында колдонулат жана өздөрүнүн уюуштуруу-укукту түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
жергиликтүү маанидеги маселелер- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын калкынын жашоо- турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;
өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар-мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;
элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча демилгелүү топ- ушул Уставга ылайык элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде түзүлгөн, 11 адамдан кем эмес курамдагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топ- айыл аймагында жашаган 5 айылдык жарандардын жалпы кызыкчылыктардан улам айылдын муктаждыгын (жергиликтүү маанидеги маселелерди) чогуу иликтеп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча түзүлгөн ыктыярдуу бирикме;
айылдык чогулушту жана курултайды өткөрүү боюнча демилгечи топ-Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине жана ушул Уставдын жоболоруна ылайык айылдын чогулушун же курултайды өткөрүүнү демилгелеген, курамы 11 адамдан аз эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
(Демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыктыяры боюнча белгиленет);
жергиликтүү жамааттын курултайы-жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо максатында айыл аймагынын жергиликтүү жамааттынын өкүлдөрүнүн жыйыны;
жергиликтүү жамаат- жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн -түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү айылдык аймактын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;
муниципалдык менчик-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги;
жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси- жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кенештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу;
жарандардын чогулушу- бир көчөнүн, кварталдын же айылдын аймагында жашаган жарандардын жыйынында маселелерди талкуулоо жолу менен аларды чечүүгө, алар боюнча сунуштарды жана чечимдерди кабыл алууга жергиликтүү жамааттын түздөн -түз катышуу формасы;
коомдук угуулар- жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюуштурулган иш-чара;
алардын муктаждыгын чогуу иликтөө- маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу.
3. Айылдык аймактын территориясы
3.1.Айылдык аймактын территориясы айылдык аймактын административдик-аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт.
3.2.Айылдык аймактын территориясы төмөндөгү айылдарды өзүнө камтыйт:
-Жийде айылы
-Тоготой айылы
-Жаңы-Талап айылы
-Октябрь айылы
-Ынтымак айылы
4 .Айылдык аймактын жергиликтүү жамааты
4.1.Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, Кашка-Жол айылдык аймакта туруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары айылдык аймактын жергиликтүү жамаатын түзүшөт.
4.2.Жергиликтүү жамааттын 18 жаштан жогорку мүчөлөрү жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге карата мамилесине, ынанымына, коомдук бирикмелерге жана саясий партияларга таандыктыгына карабастан түздөн түз жана же алар түзүшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга тен укуктуу.
4.3.Жергиликтүү жамаат өзүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу эл аралык жана Республикалык бирликтерге жана жергиликтүү жамааттардын ассоциацияларына кирүүгө укугу бар.
4.4.Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилөөгө укуктуу. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби айылдык кеңештин токтому менен белгиленет.
5.Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн жана мүчөлүгүнөн чыгуунун тартиби
5.1.Кыргыз Республикасынын жаранын Кашка-Жол айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таануу үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айылдык аймакта жашаган жери боюнча каттоодон өтүү фактысы саналат.
5.2.Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелбеген (катоосу боюнча), бирок айылдык аймакта 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоо укутарын кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү сыяктуу эле калган баардык укутарга жана милдеттерге ээ.
5.3.Ушул Уставда жана Кыргызы Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө кирүүсүнө кандайдыр – бир башка шарттарды белгилөөгө жол берилбейт.
5.4.Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн чыгат.
-ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
-аны өлдү, дайынсыз жок болду деп тануу жөнундө соттун чечими
мыйзамдуу күчүнө киргенде
-каза болгондо
-айыл аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде.
6 .Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
6.1.Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгү укуктарга ээ:
-жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик
органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өз ишин профессионалдык негизде (муниципалдык кызматта) ишке ашырууга;
-мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте айылдык кеңештин
токтомдорунун долбоорун демилгелөө жана аларды айылдык кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгелүү топторду түзүүгө;
-айылдын муктаждыгын иликтөөгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары жана (же) мамлекеттик органдар менен бирдикте чечүү үчүн демилгелүү топторду түзүүгө;
-инвестицияларды тартуу жана жергиликтүү манидеги маселелерди чечүү үчүн долбоордук документтерди иштеп чыгууга;
-айыл өкмөтүнө, айылдык кеңешке, мамлекеттик органдардын аймактык
бөлүмчөлөрүнө,уюмдарга,мекемелерге,ишканаларга жана алардын жетекчилерине
жеке өзү кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кошо жеке жана коллективдуу кайрылууларды жөнөтүүгө;
-мамлекеттик сырларга тийиштиги бар маалыматтарды, ошондой эле купуя
маалыматтарды (кызматтак сырларды) кошпогондо, мамлекеттик органдардын,
жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелерди жана
ишканалардын карамаганда турган маалыматтарды оозеки же жазуу түрүндө суратып алууга;
-жергиликтүү жамаатка, айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кенештин төрөгасына жана депутаттарга алардын бир жылдагы (же жарым жылдагы) аткарган ишинин
жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүү тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына оозеки же жазуу түрүндө кайрылуу жөнөтүүгө;
-жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга;
-маалыматтарды эркин алууга (жетүүгө) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иштөө убактысында муниципалдык менчиктин мүлкүнүн обьектилеринин ресстиринин мазмуну менен таанышууга;
-айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин, муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдү берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн сатууларга (аукциондорго жана конкурстарга) катышууга;
-айылдык чогулуштарга, курултайларга, коомдук угууларга, айылдык кеңештин ачык сессияларына жана айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйналыштарына, жетекчилеринин макулдугу боюнча муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын чогулуштарына катышууга, ал жерде өз пикирин ээн-эркин билдирүүгө жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча сунуш киргизүүгө;
-жамааттын башка мүчөлөрү тарабынан коомдук тиртипти, ушул Уставдын эрежелерин бузган учурда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузуларды токтосууну талап кылууга, керек болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга;
-жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрулгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк акцияларына, иш-чараларга, марафондорго) катышууга;
-микрорайондордун, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттеринин, жамааттардын (общиналар) кеңештери жана комитеттери түрүндө аймактык коомдук өз алдынча башкарууну Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеген формаларында түзүүгө;
-жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдар кенешин, ыктыярдуу элдик конуштарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюумдарды түзүүгө же аларга мүчө болуп кирүүгө;
-жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен чыгымдалып жаткан каражаттар тууралуу маалымат алууга;
-ушул Уставда жана мыйзамдарда каралган тартипте жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыгууга;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдаланууга;
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укутарын чектөөгө жол бербейт жана соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
6.2.Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгүлөрго милдеттүү:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды бекем сактоого;
-жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого;
-жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча адамдарды басмырлоого жол бербоого;
-этностук маанидеги койгойлорго өтүп кетүү ыктымалы бар социалдык жана башка характерди алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүүгө;
-этностук жамааттардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө толеранттуу болууга;
-жаратылыш айлана-чөйрөгө, өсүмдүктөргө жана жаныбарларга аяр мамиле жасоого;
-муниципалдык менчикке аяр мамиле жасоого;
-калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгуу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык, ветеринардык жоболорду сактоого;
-мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайууга;
-калктуу конуштун ичинде санитардык жоболорду сактоого жана таштандыларды атайын көрсөтүлгөн жерлерге чыгарууга (мусорный ящиктерге);
-калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоого;
-таза сууну, суугат сууну колдонуу эрежелерин сактоого.
7.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана ишке ашыруунун формалары
7.1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу- жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституциясы менен кепилденген укукгу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү.
7.2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү жана түз катышуусу менен ишке ашырылат.
7.3.Жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү катышуусу айылдык кеңеш аркылуу жүзөгө ашырылат.
7.4.Жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга түз катышуусу төмөндөгүдөй формада жүзөгө ашырылат:
-коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маселелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында, курултайларында, ошондой эле коомдук угууларда талкуулоо;
-жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор;
-ченем чыгаруу демилгелерин которуу жана же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча түз добуш берүүгө катышуу.
ІІ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ МААНИДЕГИ МАСЕЛЕЛЕР
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
8.1.Кашка-Жол айылдык аймактын (айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул уставдын негизинде жалпы калктын атынан жүзөгө ашырат.
8.2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзамдардын аткарылышы боюнча мамлекеттин жана анын органдарынын алдында өз иштеринин натыйжалары боюнча-жергиликтүү жамааттын алдынча жоопкерчилик алып барат.
8.3.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставга ылайык келбеген актыларды чыгарууга, ошондой эле конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч кетирген аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний каршылашууну пропагандалоого жана тутандырууга укугу жок.
9. Айылдык кеңеш
9.1.Кашка-Жол айылдык кеңеши-мыйзамда белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
9.2.Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен менен анын компетенциясына киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укутуу.
9.3.Айылдык кеңештин ишинин уюштуруучулук-укуктук формасынын негизи болуп анын сессиялары жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйындары саналат. Сессияларды жана жыйындарды өткөрүүнүн тартиби жана алардын мезгилдүүлүгү айылдык кеңештин регламентинде белгиленилет.
9.4.Айылдык кеңештин сессиялары жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйындары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран айылдык кеңештин регламентине ылайык сессияларга, жыйындарга катышууга укугу бар.
Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга тийиштүү болсо, айылдык кеңештин сессиясы жабык өтөт.
9.5.Айылдык кеңештин сессиясын: жыйындын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга киришине шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдетүү.
9.6.Айылдык кеңештин депутаты өзүнүн шайлоочулары менен туруктуу байланыш түзүүгө, аларды айылдык кеңештин иши жана шайлоочулардын суроо- талаптарынын аткарылышы туралуу байма-бай маалымдап турууга милдетүү. Депутат өзүнө келип түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароого, айылдык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга багыталган башка иштерди жүзөгө ашырууга милдеттүү.
9.7.Жергиликтүү кеңештин депутаты мезгил-мезгили менен. Бирок жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн иши жана айылдык кеңештин иштери тууралуу шайлоочулардын алдында отчёт берүүгө милдеттүү.
9.8.Депутаттын отчёту шайлоочулардын талабы боюнча кайсы учурда гана болбосун өткөрүүгө тийиш.
9.9.Депутаттын отчёту тийиштүү шайлоо округунун шайлоочуларынын жыйналыштарында же жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн башка жыйындарында (чогулуштарында) өткөрүлөт. Депутат өз отчётун өткөрүүнүн убактысын жана ордун жергиликтүү кенешке жана жергиликтүү жамаатка маалымдайт.
9.10.Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү жамааттын алдында депутаттардын отчётторун өткөрүүнүн болжолдуу мөөнөтүн аныктайт жана аларды отчёт үчүн керектүү болгон маалымат берүүчү материалдар менен өз учурунда камсыз кылат.
9.11.Шайлоочулардын алдында депутаттардын отчётторун өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.
9.12.Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоочулардын алдында отчётторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
9.13.Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү тартиби, айылдык кенештин, анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын ишин уюуштуруунун тартиби, депутаттын ыйгарым укуктары жана статусу, депутаттын шайлоочулар менен иштөө тартиби “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
10. Айыл өкмөтү
10.1Айылдык аймакта аткаруу бийлигин жүзөгө ашыруу айыл өкмөтү иштейт.
10.2.Кашка-Жол айыл өкмөтү юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Айыл өкмөтүнүн ишин уюуштуруунун тартиби, айыл өкмөтүнүн компетенциясы, айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен белгиленилет.
10.3.Өз иши боюнча айыл өкмөтү айылдык кеңешке, ал эми өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча-тийиштүү мамлекеттик органдарга отчёт берет.
10.4.Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, айылдык кеңештин сессияларын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйналыштарын өткөрүүгө, ошондой эле шайлоочулардын отчётторун берүүдө көмөк көрсөтөт.
10.5.Айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жана аппаратынын кызматкерлери өзүнүн иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырышат, муниципалдык кызматчылар болуп саналышат жана окутуучулук, илимий жана башка чыгармачылык иштерден тышкары, акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө тийиш эмес.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында партиялык уюмдарды, бирикмелерди жана кыймылдарды түзүүгө жол берилбейт.
11. Жергиликтүү маанидеги маселелер
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүү үчүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинде белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечет.
ІІІ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТТЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУНУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУГА ТҮЗ КАТЫШУУ ФОРМАЛАРЫ
12.Жергиликтүү жамааттын курултайы
12.1.Жарандардын жыйындарында (чогулуштарында) жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн ичинен шайланган курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен талкуулоону талап кылган жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелер боюнча колективдүү чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2- майындагы № 152 Жарлыгы менен бекитилген “Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө жободо” белгиленген тартипте айыл аймагында жергиликтүү жамааттын курултайы чакырылат.
12.2.Курултай төмөнкүлөрдү камтуу менен жергиликтүү жамааттардын
турмушттук мааниге ээ болгон бардык маселелерин кароого укуктуу:
-жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү;
-аймактын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык жактан коргоо программаларынын долбоорлору;
-жергиликтүү жамааттардын аймагында өзүн-өзү каржылоону, өзүн-өзү камсыз кылууну, өзүн-өзү жөнгө салууну уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин бекитүү;
-жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү бюджетин, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарын түзүү, аткаруу жана пайдалануу;
-коомдук тартипти коргоо боюнча негизги эрежелерди жана иш-чараларды белгилоо, майрамдарды, жүрүштөрдү жана диний ырым-жырымдарды, башка иш-чараларды уюштуруунун жергиликтүү жамааттардын турмуш тиричилигине таасир этиши мүмкүн болгон экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо;
-өзгөчө кырдаалдарда жана коомчулуктун таламында жергиликтүү жамааттардын күчүн жана каражатын моблизациялоону талап кылган башка шарттарда жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча милдеттүү нормаларды белгилөө;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келбеген, жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине тиешеси бар башка маанилүү маселелерди кароо.
12.3.Курултайдын чечимдери сунуштама түрүндө болот жана айыл өкмөтүнүн башчысынын катышуусу менен айылдык кенеште милдетүү түрдө каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул курултайынын чечимдери айылдык кеңеш жактыргандан кийин айыл аймагынын бардык жеринде аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.Курултайды чакыруу, анын күн тартиби жана өткөрүү датасы айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынат.Жергиликтүү жамааттын курултайын даярдоо жана өткөрүү айыл өкмөтүнө жүктөлөт.
12.4.Курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн санына жана айыл аймагынын өзгөчөлүктөрүнө жараша айылдык кеңеш тарабынан белгиленген өкүлчүлүктүн нормаларына ылайык, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жашаган жери боюнча айылдык жыйналыштарда (чогулуштарда) шайланат.
Эгерде айыл аймагы бирден ашык калтуу пунктан турса , анда өкүлчүлүктүн нормасы ар бир айылдын калкынын пропорционалдык санынын өкүлчүлүгүн эске алуу зарыл.
15.5. Күн тартибин көрсөтүү менен курултайды чакыруу демилгеси айылдык кеңешке, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү жамааттын демилгечи тобуна тийиштүү болот.
12.6.Жергиликтүү жамааттын демилгечи тобунун демилгесинин негизинде курултайды чакырууда баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.
12.7. Курултайды чакырууну уюштуруунун, курултайга делегаттарды шайлоонун тартиби, ошондой эле жергиликтүү жамааттын курултайынын ишин уюштуруунун тартиби Крыгыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы № 152 Жарлыгы менен бекитилген “Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө” Жободо белгиленет.
13.Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ченем чыгаруу (элдик) демилгеси
13.1.Жергиликтүү жамааттын мүчөлорү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилге укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем чыгаруу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана айылдык кенешке киргизилген токтомдун долбоору милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыкдар өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат.
13.2. Айыл аймагында жашашкан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен аз эмеси жергиликтүү ченем чыгаруу демилге укугуна ээ.
13.3.Ченем чыгаруу демилгесин ишке ашырууга элдик жарандар, мыйзам тартибинде аракетке жөндөмсүз деп таанылган, ошондой эле соттун өкүмү боюнча эркиндигине ажыратылган жерде кармалган жарандар катыша албайт.
13.4.Элдик ченем чыгаруу демилгени ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же айыл аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.
13.5.Ченем чыгаруу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген айылдык кеңештин токтомунун долбоорлору айылдык кеңешке киргизилиши мүмкүн эмес.
14.Айылдык кеңештин ченемдик укуктук актыларынын (токтомдордун) долбоорлорун демилгелөө тартиби
14.1.Айылдык кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү туралуу сунуш менен чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы 11 адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүшөт. Айыл аймагында жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгелүү топтун мүчөсү боло алат (демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыктыяры менен белгиленет).
14.2.Демилгелүү топ айылдык кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана аны айылдык кеңешке киргизүү үчүн кол топтоо, аны айылдык кенеш караган учурда жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлөт.
14.3.Демилгелүү топтун мүчөлөрүү төмөндөгүдөй укуктарга ээ;
-айылдык кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу;
-токтомдун долбоорун айылдык кеңешке киргизүү демилгесин колдоого кол
топтоо;
-элдик демилгени ишке ашыруу боюнча мыйзамдуу жолдор жана каражаттар
аркылуу маалыматтарда жайылтуу;
-жыйналыштарда (чогулуштарда), курултайларда, коомдук угуларда жалпыга
маалымдоо каражаттарында, ошондой эле жарандардан кол топтоо учурунда айылдык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүү тууралуу сунуш үчүн угут иштерин жүргүзүү;
-мыйзамдарда тыюу салынбаган жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик ) демилге укугун ишке ашырууга багыталган башка аракеттерди аткаруу.
14.4.Демилгелүү топтун кординатору төмөндөгүдүй укуктарга ээ:
-демилгелүү топтун кызыкчылыгын мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коргоп чыгууга;
-демилгелүү топтун ишин координациялоого;
-токтомдун долбоорун иштеп чыгууга катышууга, кол топтоого жана токтомдун долбоорун киргизүүнү колдоо боюнча үгүт иштерин жүргүзүүгө, мыйзамдарда тыюу салынбаган жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилге укугун ишке ашырууга багытталган башка аракеттерди жасоого.
14.6.Демилгелүү топтун чечими анын катышуучуларынын көпчүлүгү добушу менен кабыл алынат.
14.7.Кол топтоо демилгелүү топ түзүлгөндөн кийин жана ченемдик укуктук актынын долбоору негиздемеси менен даярдалгандан кийин башталат.
14.8.Ченемдик укуктук актынын долбоору демилгелүү топ тарабынан айылдык жыйналыштарда (чогулуштарда, курултайларда), дайындуу коомдук жерлердеги же жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарандарда жалпыга маалымдалышы мүмкүн.
14.9.Кол топтоо укугу демилгелүү топтун мүчөлөрүнө тандык болот.
Жарандардын колун топтоого багытталган иш –чараларын даярдоого жана өткөрүүгө багытталган чыгымдар жергиликтүү жамааттын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Кол топтоону жүргүзгөн демилгелүү топтун мүчөсү айылдык кеңештин кароосуна сунуш кылынган токтомдун долбоорунун текстин тааныштыруу үчүн жарандарга берүүгө милдетүү.
14.10.Жарандардын колун топтоо жашаган, иштеген, кызмат өтөгөн, окуган жерлери боюнча, ошондой эле башка жерлерде жүргүзүлүшү мүмкүн.
14.11.Жергиликтүү жамааттын мүчөсү токтомдун долбоорун колдоо иретинде бир гана жолу кол коюуга, ошондой эле демилгечи тобуна арызын беруу аркылуу айылдык кеңешке кол коюу барагын өткөргөнгө чейин өзүнүн колун чакыртып алууга укуктуу.
14.12.Демилгелүү топ жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин бар экендигин тастыктаган кол топтоо бүткөндөн кийин токтомдун долбоорун айылдык кеңешке киргизет.
14.13.Токтомдун долбоорун киргизүү үчүн демилгелүү топтун өкүлдөрүнүн катышуусу менен айылдык кеңештин кезектеги (кезексиз) сессиясында кароо жөнүндө арыз менен айылдык кенештин төрөгасына кайрылат.
14.14.Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тиркелет:
-токтомдун долбоорун айылдык кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим
кабыл алынган демилгелүү топтун жыйналышынын протоколу;
-токтомдун долбоорун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы;
-маалымкат-негиздеме;
-айылдык кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана же толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица;
-төмөндөгү маалыматтар камтылган кол коюу барагы: жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, айылдык кеңешке демилгелүү топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу.
14.15.Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген айылдык кеңештин токтомунун долбоору айылдык кеңеш тарабынан милдетүү түрдө эң жакынкы өтө турган кезектүү (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана айылдык кеңештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду айылдык кеңештин туруктуу комиссиянын жыйынында жана сессиясында кароо демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.
14.16.Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана чакырылыштагы айылдык кеңеш тарабынан каралууга жатат.
14.17. Жергиликтүү жамааттын элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу, коркутуу, алдоо, сатып алуу же башка жолдор менен тоскоолдук кылган, айылдык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүү жөнүндө үгүттөө жүргүзүүгө бөгөт болгон адамдар, ошондой эле документтерди, кол коюу барагындагы жарандардын колдорунун аныктыгын бурмалаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
15.Айылдык чогулуштар
15.1.Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу, айылдык кеңештин депутаттарынын жана айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматтарын угуу жана талкулоо максатында бир көчөнүн, бир кварталдын, кичи райондун же айылдын аймагында жашашкан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн катышуусу менен айылдык чогулуш өткөрүлөт, ал боюнча сунуштар кабыл алынат.
15.2.Чогулуштарды даярдоо, өткөрүү жана натыйжаларын аныктоо ачык айкын ушул Уставда белгиленген тартипте ишке ашырылат.
15.3.Айылдык чогулушта талкууланып жаткан маселелер боюнча жергиликтүү жамааттардан түшкөн суроолорго, сунуштарга , сын-пикирлерге жооптор мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде берилет, ошол жерде жооп берүүгө мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 күндүн ичинде каралат, алардын жыйынтыктары суроолорду, сунуштарды, сын-пикирлерди берген айылдык чогулуштун катышуучуларына жазуу жүзүндө маалымдалат.
15.4. Айылдык чогулуштарды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат.
16.Айылдык чогулуштарда каралуучу маселелер
Айылдык чогулуштарда төмөндөгү меселелер каралат:
-жергиликтүү жамааттын уставынын долбоору, ошондой эле жергиликтүү
жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
ченемдик укуктук актынын долбоору;
-айыл аймагын өнүктүрүүнүн пландарынын жана программаларынын долбоорлору, анын ичинде аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорлор;
-айылдын, кварталдын, көчөнүн белгилүү болгон өзгөчө койгойлорун чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планы;
-айылдык аймакта этностор аралык мамилелерди жакшыруу, этностор конфликттерди болтурбоо боюнча алдын алуу жумуштарын жүргүзүү;
-жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө;
-ичүүчү сууну , сугат сууну пайдалангандыгы (эгер болсо канализация, жылуулук менен камсыз кылуу), ошондой эле тиричилик калдыктарын жана башкаларды жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифтерди талкуулоо;
- турак жай фондусун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана
көчөлөрдү, кварталдарды, айылдырды көрктөндүрүү;
-аймакты куруунун башка планы, архитектура жана шаар куруунун нормаларын жана эрежелерин сактоо маселелери;
-жергиликтүү жамааттар демилгелеген (элдик демилге) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;
-айыл башчысынын талпкерлигин кароо жана айыл өкмөтүнүн башчысы болгон айыл башчысынын кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү;
-айылдык кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн башчысынын бир жылдагы (жарым жылдагы) ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарын угуу;
-айыл аймагынын территорияларынын чектеринде айыл аймактарын, калктуу конуштарды түзүү жана жоюу тууралуу маселелерди талкулоо, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, администрациялык борборду белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, айыл аймагын, айылдарды, көчөлөрдү атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарындагы транскрипцияларды өзгөртүү;
-жергиликтүү жамааттын турмуш тиричилигин камсыз кылууга байланышкан башка маселелер.
17.Айылдык чогулуштарды өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү
17.1.Айылдык чогулуштар айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн (демилгелүү топтун) сунуштары боюнча зарылчылыкка жараша пайда болгон маселелерге ылайык, бирок жылына эки жолудан аз эмес, ушул Уставда белгиленген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн алдын ала кабарлоо аркылуу чакырылат.
17.2.Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн чогулуштар айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш же анын төрөгасы тарабынан белгиленген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жана кызыкдар адамдарга шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.
18.Айылдык чогулуштарды өткөрүү демилгеси
18.1.Айылдык чогулуштарды өткөрүүнүн демилгечилери катары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүү (демилгелүү топтор), айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш боло алышат.
18.2.Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айылдык чогулушту өткөрүү боюнча саны 11 адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүүгө укуктуу.
(Демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет).
18.3.Эгерде демилгелүү топ, айылдык кеңештин депутаттары айылдык чогулушту өткөрүнүн демилгечиси катары чыккан учурда, анда жогоруда көрсөтүлгөн субъекттер айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кеңештин төрөгасына өздөрүнүн кайрылуусунда белгиленген жергиликтүү маанидеги маселе (маселелер) боюнча айылдык чогулуш өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө кайрылуу жөнөтүшөт.
18.4.Эгерде айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш же болбосо анын төрөгасы айылдык чогулушту өткөрүү демилгесин көтөрсө, айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечим, тийиштүүлүгүнө жараша, айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш же болбосо анын төрөгасы тарабынан өз алдынча кабыл алынат.
19.Айылдык чогулушту өткөрүү демилгеси менен кайрылуу
19.1.Айылдык чогулушту өткөрүүнү демилгелеген кайрылуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек.
-айылдык чогулушту өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө негиздемени;
-иш-чарага катышуучуларынын божомолдуу санын (көчөлөрдүн, кварталдын,
айылдардын, айылдык аймактын);
-иш-чараны өткөрүү болжолдонгон орунду;
-кароого киргизилип жаткан маселенит (маселелерди);
-демилгелүү топтун мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар, алардын фамилияларын,
ысымдарын, атасынын аттарын, жашаган жерлери.
19.2.Кайрылуу айыл өкмөтүнүн башчысы же айылдык кеңештин төрөгасы тарабынан кайрылуу катталган күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралат.
19.3.Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды өткөрүүнү уюштурат, же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.
Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча айылдык кеңештин төрөгасы кайрылуу менен макул болгон учурда айыл өкмөтүнүн башчысына айылдык чогулушту өткөрүүнү тапшырат же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.
19.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин төрөгасы төмөнкү учурларда айылдык чогулушту өткөрүүдөн баш тартууга укукту:
-ушул Уставдын 19.1.- пунктунда көрсөтүлгөн талаптар бузулганда
-аларды башка мыйзамдуу жолдор менен чечүүнүн мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу, кайрылууда көрсөтүлгөн маселелерди чогулуштарда талкуулоо максатка ылайыксыз болгондо;
-эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына жана ушул Уставга карама каршы келгенде.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин төрөгасынын айылдык чогулушту өткөрүүнү четке кагуу тууралуу чечимдери сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
20.Айылдык чогулушту уюштуруунун тартиби
20.1.Айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечимде төмөнкүлөр каралат:
-иш чараны өткөрүүнүн орду, датасы жана мөөнөттөрү;
айылдык чогулука киргизилип жаткан маселелерди аттары жана (же) документтердин аталыштары (айыл өкмөтүнүн чечими, айылдык кеңештин токтому);
-талкууланып жаткан маселелер боюнча кызыкдар адамдардан ой пикирлерди жана сунуштарды кабыл алуунун тартиби.
20.2.Айылдык чогулушка жергиликтүү жамааттын ой пикирин эсепке алуу, угуу, талкуулоо жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча сунуштамаларды жыйноо үчүн күн тартибине бир эле убакта бир нече киргизилиши мүмкүн.
20.3.Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык чогулушту өткөрүүгө карата даярдык көрүүнүн жүрүшүндө:
-чогулуш өткөргөнгө чейин 5 күн калгандан кечиктирбестен, бул үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын, почта кабарландыруулардын, каралоо (батирлер боюнча) кыдырып чыгууну, кулактандырууларды пайдалануу менен айылдык аймактын (көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын , айылдырдын) жашоочуларын:демилгечи, чогулушка киргизилген маселе, иш-чараны өткөрүүнүн уюштурат;
-айылдык аймактын (көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын , айылдырдын) жашоочуларына жана бардык кызыктар болгон мамлекеттик органдардын, катышуу ниетин билдиришкен жеке жана юридикалык жактардын эркин жетимдүүлүгүн камсыз кылат ;
-зарыл болгон учурда кызыкдар болгон мамлекеттик органдардан, уюумдардан, мекемелердин жана ишканалардан жазуу жүзүндө чогулушка киргизилип жаткан маселе боюнча зарыл маалымат (маалыматтар, материалдар жана документтер суроо-талап алынган күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен,уюштуруучуга берилет) суратып алат;
-иш- чараны өткөргөнгө чейин 2 күн калгандан кечиктирбестен катышуучулардын жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин түзөт ( иш-чарада чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген адамдар бул тууралуу күн мурунтан кабарландырылат);
-чогулуштун катышуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн
(зарыл болгон учурда) чакырууну жана каттоону, протокол жүргүзүүнү жана
жыйынтыктоочу документтерди жол-жоболоштурууну камсыз кылат;
-чогулушта кароо үчүн сунушталган чечимдердин долбоорлорун даярдайт;
-иш-чараны даярдоодо жана уюуштурууда демилгечилер менен өз ара аракеттенишет.
21.Айылдык чогулуштуу өткөрүүнүн тартиби
21.1.Чогулушту алып баруу үчүн төрөгасы жана катчысы, зарыл болгон учурда добуштарды саноо үчүн эсептөө комиссиясы шайланат.Күн тартиби катышып отургандардын санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
21.2. Төрөгалык кылуучу иш-чараны алып барат жана жумуш процессинде күн тартибиндеги маселерди талкуулоонун тартибин көзөмөлдөйт.
21.3.Иш-чара төрөгалык кылуучунун (же алып баруучунун)кыскачы сөзү менен башталат , ал өзүн жана катчыны тааныштырат, талкуулануучу маселенин маңызы, анын маанилүүлүгү жана иш-чараны алып баруунун тартиби ( иш-чаранын регламенти жөнүндө) кабарландырылат.
21.4.Кайрылуунун негизинде даярдалган, чогулушта каралып жаткан маселелерди чечүү анын компетенциясына кирген баяндамачынын маалыматы угулат.
21.5. Чыгып сүйлөөлөр аяктагандан кийин, чогулушта белгиленген маселелерди чечүү компетенциясына кирген баяндамачыга, мамлекеттик органдардын аймакттык бөлүмчөлөрүнүн өкүлдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына жана башка кызматкерлерге иш-чаранын катышуучулары тарабынан оозеки да, жазуу жүзүндө дагы суроолор берилиши мүмкүн.
21.6.Чыгып суйлөө үчүн сөз бардык каалаган катышуучуларга, суроолордун жазуу түрүндө түшкөн тартибине же болбосо кол көтөрүүсүнө ылайык берилет.
21.7.Иш-чаранын узактыгы талкууланып жаткан маселелердин мүнөзү менен аныкталат.Төрөгалык кылуучу танапис жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
21.8.Чогулуштун катчысы протокол жүрүгөзөт, анда иш-чаранын өткөн датасы жана убактысы, катышып жаткан жарандардын жалпы саны жана чакырылган адамдардын жалпы саны, күн тартиби, чыгып сүйлөөчүлөрдүн мазмууну, чыгып сүйлөгөндөр жөнүндө маалыматтар, ошондой эле суроо бергендер жөнүндө маалыматтар, кабыл алынган чечим жана сунуштамалар көрсөтүлөт. Протоколго чогулуштун төрөгасы жана катчысы кол коёт. Чогулуштун, коомдук угуунун чечими жана же сунуштамалары ачык добуш берүү менен, катышып отургандардын санынын жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
21.9. Чогулуштун протоколунда милдеттүү тартипте, ар бир маселе боюнча иш-чаранын катышуучуларынын алар тарабынан талкуунун жүрүшүндө айтылган позициялары чагылдырылышы керек.
21.10.Иш-чаранын протоколу, чогулушта кабыл алынган чечимдер жана сунуштамалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилет.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары бир айлык мөөнөттө калкка (иш-чаранын катышуучуларына) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, же коомчулук үчүн жеткиликтүү жерлерде маалыматтарды жайгаштыруу менен чечимдерди жана сунуштамаларды аткаруу боюнча кабыл алынган же көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
21.11.Эгерде ага тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, айылдын, айдардын) шайлоо укугуна ээ болушкан жашоочуларынын 50 пайызы катышса, же айылдык чогулушка чакырылгандардын 50 пайызы катышса, айылдык чогулуш укук ченемдүү болуп эсептелет. (Айылдык чогулуштун укук ченемдүүлүгүн аныктаган катышуучулардын саны жеткиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 40 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айылдын айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б).
21.12.Тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) жашоочуларынын, же айылдык чогулушту өткөрүү үчүн чакырылган катышуучулардын зарыл саны болбогон учурда, анда көрсөтүлгөн иш-чаралар катышуучулардын макулдугу менен белгилүү мөөнөткө жылдырылат.
22.Коомдук угуулар
22.1.Коомдук угуулар-калктын кызыкчылыгын эске алуу менен жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүү, алардын катышуучуларынан сунуштарды жана рекомендацияларды алуу жана оптималдуу, таразаланган чечимдерди аныктоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуу формасында уюштурулган иш-чара.
22.2.Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунуш кылынган чечимди коочулук канчалык колдоорун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, калкка талкууланган маселе боюнча өзүнүн ой пикирин айтууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын , мамлекеттик органдардын аймакттык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен суроого жооп алууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз жумуштарынын сапаты жөнүндө жана алардын жасаган жумушуна элдин канааттандырылуусу жөнүндө билүүгө, зарыл болгон учурда иш-аракеттерин элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен оңдоп түзөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
22.3. Коомдук угуулар жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча өткөрүлүүшү мүмкүн, аларды чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тура чечимдерди кабыл алуулары үчүн жергиликтүү жамааттын ой пикирлери өзгөчө маанилүү болуп саналат.
22.4. Коомдук угууларга алып чыгарылуучу маселелер:
-жергиликтүү бюджетти түзү жана аткаруу;
-муниципалдык менчикти башкаруу (муниципалдык жерлерди, объекттерди ж.б сатуу, ижарага берүү, пайдалануу);
-ичүүчү жана сугат суу боюнча, канализиция, жылуулук менен жабдуу, турмуш тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу жана башка тарифтерди бекитүү;
-жергиликтүү жамааттын жашоо турмушун камсыз кылуу менен байланышкан башка маселелер.
22.5.Жергиликтүү жамаат үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон маселе боюнча жергиликтүү жамааттын ой пикирин дыкат иликтөө, угуу, талкуулоо, сунуштамаларды чогултуу жана маалыматтарды алмашуу максаттарында коомдук угууга бир гана маселени алып чыгуу сунушталат.
22.6.Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө:
-жергиликтүү бюджетти түзү жана аткаруу боюнча маселелер жыл сайын өткөрүлөт;
-муниципалдык мүлктү башкаруу стратегиясын долбоорун бекитүүдө жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекет тарабынан башкарууга
өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү бекитүүдө, мындай стратегиялар иштеп чыгуу жана бекитүү учуру пайда болгондо жүргүзүлөт.
Кызмат көрсөтүүлөргө (ичүүчү таза суу, суугат суусу, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричилик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж.б) тарифтерди бекитүү маселелер боюнча коомдук угуулар зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
22.7.Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына (айыл өкмөтүнө) жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
22.8.Коомдук угуулар, эгерде ага өкүлдөрдүн, коомдук угууга чакырылгандардын 70 адамдан кем эмес катышканда укук ченемдүү болот.(Коомдук угуунун укук ченемдүүлүгүн аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет; мисалы 70 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айылдын айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б)
23.Коомдук угууну уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
23.1.Белгилүү маселе боюнча коомдук угууну өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин айыл өкмөтү төмөнкү ыратуулукта аракеттерди корүүсү зарыл:
Коомдук угууга чейин 3-4 жума калганда өткөрүүнүн датасын, убактысын жана ордун аныктоо зарыл. Коомдук угууга чейин 2 жума калганда талкуулоонун предмети боло турган сунуштун жана документтин долбоору (мисалы: бюджеттин кыскача сыпаттамасы же сатууга сунуш кылынган муниципалдык менчик объекттеринин тизмеси жана анын негиздемеси, же ичүүчү суу же сугат суусун берүү кызматына сунушталган тарифтердин өлчөмү ж.б) даярдалат.
Коомдук угууга чейин 1-2 жума калганда:
-коомдук угууга алып чыгып жаткан документтердин долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат;
-коомдук угууга чакыруу барактарын иштеп чыгуу жана даярдоо жүргузүлөт;
-калкка, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга, жарандык топторго окмоттук эмес уюмдарга чакыруу барактарына жана документтерин долбоорлорун таратуу;
-маалыматты илүү жана башка мүмкүн болгон каражаттар менен жалпыга жарыялоо;
-документтин долбоорун алуу жайын маалымдоо менен, коомдук угуу жөнүндө пресс-релиз чыгаруу жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалымдоо;
-коомдук угууну даярдоо жана өткөрүү боюнча айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлерин окутууну (нускама берүүнү) жүргузүү;
-коомдук угуунун максаттарын, датасын, убактысын жана өткөрүлүүчү ордун көрсөтүү менен калкты талкууланып жаткан маселе менен тааныштыруу үчүн айылдардын жалпыга жетимдүү жайларында кулактандырууларды жайгаштыруу;
-жамааттын негизги чечүүчү адамдарына, жергиликтүү кеңештин депуттарына, айыл өкмөтүнүн аппаратынын болүмдөрүнө, зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын аймакттык бөлүмчөлорүнун, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине жеке кабарлоо;
-коомдук угуунун алып баруучусун жана катчысын (өкүлчүлүктү же аткаруу органынан) тандоо;
-зарыл болгон учурда кызыкдар мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан угууга киргизилген маселе боюнча зарыл маалыматтарды жана документтерди суратып алуу (маалыматтар, материалдар жана документтер уюштуруучуга суроо-талап алынган күндөн 5 күндөн кечиктирбестен берилет);
-зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик жумуштарды аткаруу үчүн эксперттер жана адистер тартылат;
Коомдук угууга 1-жума калганда:
-өткөрүлүүчү орунду даярдоо (катышуучулар үчүн орундар , алып баруучу жана катчы үчүн стол, жарык берүү, жылытуу, үн күчөткучтор ж.б)
-көрсөтмө материалдарды даярдоо: плакаттар, доскалар, слайддар ж.б.
-чыгып сүйлөөчүлөрдү дайындоо, күн тартибин даярдоо, коомдук угуу учурунда таратуу үчүн материалдардын кошумча көчүрмөлорун даярдоо;
-коомдук угууларды өткөрүүнүн эрежелерин даярдоо жана таратуу.
Коомдук угууга чейин 3-күн калганда:
-катышуучуларды каттоо баракчасын даярдоо;
-коомдук угуунун протоколунун формасын даярдоо;
-сунуштар ой-пикирлер, сунуштамалар, суроолор үчүн бланктарды даярдоо.
Коомдук угууга 1 күн калганда.
-орун жайдын жана жабдуулардын даярдыгын көзөмөлгө алуу ;
-катышуучулардын, чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин жана күн тартибин тактоо;
-Катышуучуларга таратуу кошумча материалдардын даярдыгын көзөмөлгө алуу ж.б.
Коомдук угууну өткөрүү күнү катышуучуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) каттоо жүргүзөт, протоколду жүргүзөт жана жыйынтыктоочу документтерди жол-жоболоштурууну камсыз кылат.
23.2.Айыл өкмөтү коомдук угуу өткөрүлгөндөн кийин 10 күндүн ичинде анын натыйжасын жалпылайт жана жол-жоболоштурат, калк арасында коомду угуунун натыйжалары жөнүндө ошондой эле жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды таратат. Ошол эле учурда айыл өкмөтү оозеки билдирүүнү, маалымат тактайларына жайгаштыруу, жалпыга маалымдоо каражаттарын , интернетти жана башка ыкмалар менен жааматка карата колдонууга мүмкүн болгон маалыматтарды таратуунун ар түрдү ыкмаларын пайдаланат.
24.Жергиликтүү жамааттын айылдын муктаждыктарын биргелешип иликтөө
жолу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу.
24.1Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айылдык аймакты өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программаларын натыйжалуу ишке ашыруу, аймактын турмуш-тиричиликтик тутумдарын өнүктүрүү, калкка зарыл болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү максаттарында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте катышууга укуктуу.
24.2.Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу айылдын муктаждыктарын биргелешип иликтөө аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
24.3.Айылдын муктаждыктарын биргелешип иликтөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн табуу жана демилгечил жана башка жүмүчү топтор аркылуу айылдык аймактын (айылдарынын) жашоочуларынын ой-пикирлеринин жана кызыкчылыктарынын эске алуу менен аларды чечүү боюнча биргелешкен иш прцессин карайт.
24.4.Айылдын муктаждыктарын биргелешип иликтөө үчүн айыл өкмөтү демилге көтөрүү менен айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен бирдикте төмөнкү иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырат:
-маалыматтарды жыйноо жана айылдагы кырдаалды иликтөө;
-айылдын көйгөйлөрүн аныктоо;
-айылдын көйгөйлөрүн тандоо: көйгөйлөрдүн себеби эмне болуп саналат жана алардын кесепеттери;
-биринчи кезекте чечилүүгө жаткан артыкчылыктуу маселелерди аныктоо;
-артыкчылыктуу маселелерди чечүүнүн жолдорун биргелешип талкуулоо;
-артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча демилгечил топторду түзүү;
-биргелешкен аракеттердин пландарын иштеп чыгуу;
-айылдык чогулуштарды, коомдук угууларда жергиликтүү жамаат менен артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин пландарын талкуулоо;
-жергиликтүү бюджетте биргелешкен аракеттердин пландарын чагылдыруу;
-биргелешкен аракеттердин ишке ашырылып жаткан пландарынын биргелешкен мониторинги жана баа берүү;
-айылдык чогулуштарда, пландарын ишке ашыруу боюнча иштердин натыйжалары жөнүндө отчёт.
24.5.Айылдын муктаждыктарын биргелешип иликтөө прцессине төмөнкүлөр катыша алышат:
-жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 18 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
-мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, комерциялык жана комерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б өкүлдөрү;
-айылдык кеңештин депутаттары;
-айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери.
25.Айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топтор
25.1.Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамаат менен биргеликте айылдын артыкчылыктуу маселелерин аныктоодо, айылдын муктаждыктарын биргеликте иликтөө процессинде, ыктыярдуу негизде ар кайсы тармактар боюнча демилгелүү топторду түзөт, ошондой эле аткаруу мөөнөтүнүн, ресурстарын, аларды аткаруу боюнча жооптууларды белгилөө менен биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгышат.
25.2.Демилгелүү топтордун курамына төмөнкүлөр кирет:
-айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;
-айылдык кеңештин депутаттары;
-жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрү;
-мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, комерциялык жана комерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б өкүлдөрү.
25.3.Демилгелүү топтордун курамы төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныкталат:
-гендердик тендемди сактоо;
-айылдык аймакттын ар бир айылынын өкүлчүлүгүнүн болуусун;
-демилгелүү топ тарабынан тандалган артыкчылыктуу маселени чечүүдө тажрыйбанын бөлүүсү;
-айылдын артыкчылыктуу маселелерин чечүү үчүн кайтарымсыз негизде иштөөгө каалоосунун болуусу;
-Демилгелүү топтордун иштерине ийгиликтүү катышуу үчүн калоосуна жана шыктуулугун билдиргендиги.
25.4.Демилгелүү топтун отуруму ачык жыйналыш формасында жүргүзүлөт.
жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен кабыл алынат 25.5.Демилгелүү топтун мүчөлөрү, өз катарынан ачык добуш берүү менен, алардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен демилгелүү топтун жетекчисин шайлашат. Демилгелүү топтун жетекчисин шайлоо тууралуу чечим протокол менен жол-жоболонот, ага демилгелүү топтун чечимдери ага тиешелүү бардык маселелер боюнча алардын мүчөлөрүнүн .
25.6. Демилгелүү топтун жетекчиси төмөндөгүлөргө укуктуу:
-мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, комерциялык эмес уюмдарда демилгелүү топтун кызыкчылыктарын жактоого;
-демилгелүү топтун жумушун координациялоого;
-демилгелүү топтун жыйналышын откорууго;
-демилгелүү топтун атынан документтерге кол коюуга ж.б.
25.7. Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмонкүлөргө укуктуу:
-айылдык аймактын өнугүү пландарын, анын ичинде биргелешкен аракеттеги пландарын, социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын, стратегиялык өнүктүрүү пландарын ж.б. иштеп чыгууга катышууга;
-окууларга, жыйналыштарга, мамлкететтик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдык аймакттын торриториясында иштеп жаткан башка уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин айылдын артыкчылыктуу маселелерине тиешеси бар маселелери боюнча отурумдарына катышууга;
-тандалган көйгөйлөрдү чечүү жана аларды ишке ашыруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга;
-жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгелүү топ тарабынан алынган көйгөйлөрдү чечүү боюнча демилгелүү топтун жумуштарынын жүрүшү боюнча маалымдоого;
-жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдынча тандалып алынган көйгөйлордү чечүү үчүн иштелип чыгылган долбоорлордун презентациясын өткорүүгө жана кароого;
-долбоордун биргелешкен аракеттердин планын ишке ашыруу боюнча мониторинг жүргүзүүгө;
-айылдык чогулуштарды, коомдук угууларда, курултайларда жергиликтүү жамааттын алдында иштердин натыйжалары боюнча отчёт берүүгө;
-зарыл болгон мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте айылдык кеңешке киргизүү үчүн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелөөгө.
26.Айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топтордун курамдарын жана биргелешкен аракеттердин планын бекитүү
26.1.Айыл муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжасында табылган айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү жамааттын жана демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн катышуусу менен жумушчу жолугушуларды уюштурат, анда төмөнкү маселелер каралат:
-артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн бет ачаарлары жана аларды чечүүнүн жолдору;
-биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгуу;
-артыкчылыктуу көйгөйлөр боюнча демилгелүү топтордун санын жана алардын
курамын алдын ала бекитүү;
-алпы талкуулоо үчүн айылдык чогулушка (жыйналышка) биргелешкен аракеттердин
планын алып чыгуунун тартибин талкуулоо;
-биргелешкен аракеттердин планын ишке ашыруу боюнча андан аркы аракеттерди пландоо;
-биргелешкен аракеттердин планын ишке ашыруусуна баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;
-жергиликтүү жамаатка алардын жашоо-турмушун камсыздоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга баа берүү жана мониторинг жүргүзүү.
26.2.Айыл өкмөтү жумушчу жолугушулардын натыйжалары боюнча айылдык чогулушка, коомдук угууга төмөнкүлөрдү алып чыгат:
-айылдын муктаздыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжалары;
-табылган артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин
планын:
-тандалып алынган багыттар боюнча демилгелүү топттордун санын;
-жергиликтүү жамаат менен макулдашуу (өзгөртүү, талкуулоо) үчүн демилгелүү
топтордун мүчөлөрүнүн тизмесин.
26.3.Айылдык Чогулушта демилгелүү топтордун саны жана алардын курамы, биргелешкен аракеттердин планы жергиликтүү жамаат менен макулдашылат, андан кийин айылдык чогулуштардын, коомдук угуулардын катышуучуларынан келип түшкөн ой пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен биргелешкен аракеттердин планы, демилгелүү топтордун курамы жана саны айыл өкмөт башчысынын чечими ( же айылдык кеңештин токтому) менен бекитүү. Бул маалымат айыл өкмөтүнүн маалыматтык тактайына илинүү жолу менен жалпы элге жеткирилет.
26.4.Кийинке жылга жергиликтүү бюджеттин адепки долбоору бекитилген биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен айыл өкмөтүнүн финансы -экономикалык бөлүмү тарабынан түзүлөт.
26.5.Айыл өкмөтү биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин адепки долбоорун айылдык кеңеш менен макулдашат жана финансы министрлигинин тиешелүү түзүмдүк бөлүмчөсүнө берет. Финансы министрлиги айыл өкмөтүнө жергиликтүү бюджет боюнча такталган маалыматтарды бергенден кийин айыл өкмөтү биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин адепки долбоорун тактайт жана аларды бекитүү үчүн айылдык кеңешке берет.
26.6.Жергиликтүү бюджеттин долбоору жалпы талкуулоо үчүн бюджеттик угуу киргизилет, андан сон кийин ачык жана айкын айылдык кеңештин сессиясында каралат..Жергиликтүү бюджет жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ой-пикирлерин жана сунуштарын карап чыккандан кийин айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.Айылдык кеңештин тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү туралуу токтому жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга жатат.
26.7.Айылдын артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планы иштелип чыгылган жана бекитилген учурда айылдык кеңеш тарабынан жергиликтүү бюджетке тийиштүү тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөө сунуштамалар менен айыл өкмөтү биргелешкен аракеттердин планын айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу кимиссиясына киргизүүгө укуктуу.
26.8.Бюджет боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы айылдын артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын каржылоо жана ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө корутундусу (че чечими) менен айылдык кеңештин отурумуна киргизет.
26.9. Бюджеттик комиссиянын сунушу менен макул болгон учурда жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү болгондо айылдык кеңеш биргелешкен аракеттердин планын каржылоо жана ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга укукту.
27.Биргелешкен мониторинг жана баа берүү
27.1.Айылдын артыкчылыктуу маселелерин аныктоо жана чечүү боюнча ачыктыкты, айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү жааматтын мүчөлөрүн жергиликтүү коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууга тартуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын, донор уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, айылдык аймактын өнүгүшүнө чегерилген каражаттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүү иш-чаралары жүргүзүлөт.
27.2.Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн максаттары төмөнкү болуп саналат:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;
-айылдык аймактын территориясында жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин, долбоорлордун, программалардын иш жүзүнө ашыруу натыйжаларында мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
-жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды ишке ашыруу процессин, ошондой эле муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
-этностор аралык конфликтерди алдын алуу жана болтурбоо максатында айылдык аймактын чегинде этностор аралык мамилелерге монироринг жүргүзүү.
27.3.Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн айылдык кенеш биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топ түзүүгө укуктуу.Айылдык кеңеш ушул Уставдын 27.2. Пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча кошумча биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топторду түзүүгө укуктуу. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топтордун иш-аракеттеринин тартиби айылдык кеңеш тарабынан аныкталат.
27.4.Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топтун курамына айылдык кеңештин депутаттары, демилгелуу топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана башка жактар жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, саясий же башка ынанымдары, билими теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоо мүнөздөгү жагдайларга карабастан кирүүгө укуктуу.Топтун курамы айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.
27.5.Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топ төмөнкүлөргө моноторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө укуктуу:
-айыл өкмөтүнүн жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын иш-аракеттерин;
-тийиштүү аймактын жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун камсыздоо боюнча кызмат корсоткон коомдук уюумдардын жана бирикмелердин (суу колдонуучулар ассоциацияларынын, таза суу колдонуучулардын бирикмеси (СОППВ ж.б) иш-аракеттерин;
-айылдык аймактын өнүгүү пландарын (анын ичинде биргелешкен аракеттеги пландарын, социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын, стртегиялык өнүктүрүү пландарын ж.б);
-жергиликтүү жана (же) Республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин, долбоорлордун, программалардын ишке ашырылуусун;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын этностор аралык маселелер боюнча иш аракеттерин.
27.6.Аталган милдеттерди аткаруу үчүн биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топ:
-жумуштун планын (графигин) бекитет;
-сурамжылоолорду жүргүзөт;
-жерине баруу менен, ишке ашырылган долбоорлордон көрсөтүлүүчү кызматтарды жана же пайда алуучулар менен түздөн-түз маектерди жүргузөт;
-документтерди (анкеталарды, графиктерди, отчетторду, катто журналдарын, катышуучулардын тизмесин) талдоону жүзөгө ашырат;
-тиешелүү иш чараларга (тендер, сатып алуу, демилгелерди, долбоорлорду, программаларды ишке ашыруу) катышат;
-демилгелерди, долбоорлорду, программалардын өз убагында бүткөрүлүшүн жана же көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын камсыз кылуу үчүн сунуштамаларды берет;
-демилгелерди, долбоорлорду, программаларды аткаруунун жүрүшүндө, кызматтарды көрсөтүүлөрдө табылган натыйжалары жөнүндө айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңешти жана жергиликтүү жамаатты өз убагында кабарландырылат;
-пландарды ишке ашыруу боюнча, кызматтардын көрсөтүлүшүн жакшыртуу боюнча сунуштарды берет.
27.7.Айыл өкмөтү улуш Уставдын 27.1-27.2. пунктарында көрсөтүлгөн максаттарга жеткирүүгө жана маселелерди чечүү үчүн өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен мониторинг жана баа берүү топторун түзүүгө укуктуу.
27.8.Биргелешкен мониторинг жана баа берүү тобунун иштеринин натыйжалары маалыматтык керегелерге илинет, жарыяларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылат, ошондой эле талкуулоо үчүн айылдык чогулуштарга, коомдук угууларга, курултайларга киргизилиши мүмкүн.
28.Аймакттык коомдук өз алдынча башкаруу
28.1.Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн өз иштерин координациялоо үчүн өз ара жардамдашуу, жашоо-турмуш тиричиликттик, социалдык, экономикалык жана маданий милдеттерди биргелешип чечүү өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын кыйла натыйжалуу жүзөгө ашыруу максаттарында жашаган жери боюнча аймакттык коомдук өз алдынча башкарууну уюштурууга укуктуу.
28.2.Аймакттык коомдук өз алдынча башкаруу кичи райондордун комитеттери, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттер, жамааттар (коомдошттук) кеңештери жана комитеттери формасында, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка мыйзамдарына карама –каршы келбеген башка формаларда жүзөгө ашырылат.
28.3.Аймактык коомдук өз алдынча башкаруучулардын аймактарынын чектери жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен айылдык кеңеш тарабынан бергиленет.
28.4.Аймакттык коомдук өз алдынча башкаруу алар айылдык кеңеш тарабынан каттоого алынган учурдан тартып өз статустанына ээ болушат. Аймакттык коомдук өз алдынча башкаруу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусуна алууга укуктуу.
V.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
29.Муниципалдык менчик
29.1.Муниципалдык менчик-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескоосундо турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү жамааттардын менчиги;
29.2.Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескоого түздон-түз катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө каралышы мүмкүн.
29.3.Муниципалдык менчик өзүнө кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акчалай каражаттарын, балуу кагаздары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Каралган мүлктүк укуктарды камтыйт.
29.4.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттары, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттары дагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчиги болуп саналат. Бюджеттик каражаттарды, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башкы органдардын алып коюусуна жол берилбейт.
29.5.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрине ээ болууга жана аны жүргүзүүгө милдеттүү.
Реестрде төмөнкүдөй маалыматтар:
- объектти сыпаттап жазуу;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же башка юридикалык же жеке жактар ээлик кылган мүлккө муниципалдык менчик объеттерине карата укуктарды ырастаган документтер;
-объекттерди пайдаланууга карата чектоолордун тизмеси;
-объекттердин баалаган наркы;
-мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин өзгөчөлуктөрүнө жана аларды пайдаланууга байланышкан башка маалымат катууга тийиш.
29.6.Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестринин мазмуну иликтөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иш учурунда аларды жарандар пайдалана алгыдай болууга тийиш.
29.7.Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин ресстрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу органдары тарабынан белгиленет жана жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.
30.Жергиликтүү бюджет жана аны бекитүү тартиби
30.1.Жергиликтүү бюджет-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш милтеттерин финансалык жактан камсыз кылуу үчүн багыталган айылдык аймактын жергиликтүү жамааттын бюджети.Жергиликтүү бюджет айылдык кеңештин чечими менен бекитилет. Жергиликүү бюджетти түзүүнү жана аткарууну айыл өкмөтү жүзөгө ашырат.
30.2.Жергиликтүү бюджет кирешелерден жана чыгымдардан турат;
-жергиликтүү бюджет кирешелери-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүнө келип түшкөн акчалай каражаттар, алар жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан, салыктык эмес келип түшүүчүлөрдөн; Республикалык денгээлде бөлүштүрүүчү салыктардан жана кирешелерден; трансферттерден, ыктыярдуу төгүмдөрдөн турат. Жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан , салыктык эмес келип түшүүчүлөрдөн алынган жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка денгээлдеги бюджеттке алууга жатбайт;
-жергиликтүү бюджеттин чыгымдары-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана иш-милдеттерин финансалык камсыз кылууга багыталган акча каражаттары.
30.3.Айылдык кеңештин төрөгасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрөгасы мамлекеттик салык кызматтарынан, айыл өкмотүнөн жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз убагында жана сапатуу түзүү үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды суроого жана алууга, өзүнүн отурумдарына бул органдардын жетекчилерин чакырууга жана угууга укуктуу.Жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
30.4.Айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясы бюджеттин долбоору боюнча өз кортундусун, бюджеттин аткарылышы туралуу отчетту айылдык кеңештин сессиясына берет.
30.5.Жергиликтүү бюджеттин долбоорун кароо ачык жана жалпы эл алдында жүргүзүлөт.Бюджеттин долбоору боюнча, ошондой эле бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуулар милдетүү түрдө өткөрүлөт.
30.6.Айылдык кеңеш сессияда жергиликтүү бюджеттин адепки жана такталган долбоорун карайт жана бекитет же болбосо жергиликтүү жамааттын жана бардык кызыктар тараптардын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыгууга жөнөтөт, бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту карайт, бекитет же болбосо аны четке кагат.
30.7.Айылдык кеңештин тиешелүү жылга бюджетти бекитүү тууралуу токтому, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу айыл өкмөтүнүн отчету жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.
VI. Корутунду жоболор
31.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо чаралары
31.1.Ушул Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаргандыгы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм -туруму, кайрымдуулук ишмердиги, спонсорлугу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү, жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн тийиштүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн тийиштүү жарандарга карата төмөнкүдөй моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонушу мүмкүн:
-алкыш жарыялоо;
-баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;
-грамоталар менен сыйлоо;
-“Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, Үлгүлүү айыл”, ардактуу наамдарын ыйгаруу;
-жамааттын Ардак тактасына илүү;
-жамааттын Ардак китепчесине киргизүү;
-Айылдын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;
-“Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;
-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү.
31.2.Моралдык жана материалдык сыйлоо чараларын колдонуу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт.
-Жамааттын мүчөлөрү сыйлоо көрсөтүү демилгеси айылдын жашоочуларынын чогулушуна, аксакалдар сотторуна, коомдук уюмдарга, аймактык коомдук өз алдынча башкарууларга, айыл башчысына, айыл өкмөтүнүн башчысына , айылдык кеңештин депутаттарына, айылдык кеңештин төрөгасына таандык;
-Алкыш жарыялоо, баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, грамоталарды тапшыруу, “Мыкты үй-бүлөө, “ Үлгүлүү үй”,
-“ Үлгүлү айыл”, ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө чечим айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынат;
-Ардак тактасына илүү, Ардак китепчесине киргизүү, “Айылдын ардактуу жараны” наамдарын ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чечим айыл өкмөт башчысынын сунуштамасы боюнча айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынат.
31.3.“Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы жергиликтуу жамааттын эн жогорку наамы болуп саналат, ал айылдык аймактын онугушуно озгочо салым кошкондугу учун айыл кенешинин чечими менен берилет.Айылдык кенеш “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы бар адамдар учун атайын женилдиктерди, ошондой эле алар учун стипендияларды жергиликтуу бюджеттин каражаттарынын чектерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка материалдык сыйлыктарды белгилей алат.
32.Жергиликтүү жамааттын Уставын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
32.1.Ушул Уставдын талаптарын бузган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата айыптоо чаралары колдонулушу мүмкүн.
32.2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызмат адамдары ушул Уставдын талаптарын бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
33.Жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуунун жана өзгөртүүнүн тартиби
33.1.Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоору айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.
33.2.Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:
-айылдык кеңештин төрөгасы;
-айыл өкмөтүнүн башчысы;
-айылдык кеңештин депутаттары;
-айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери;
-жергиликтүү жамааттын мүчөлөү (тийиштүү айылдык аймакта жашаган азчылык улуттардын өкүлдөрүн эске алуу менен);
-коммерциялык жана коммерциалык эмес уюмдардын өкүлдөрү (КУ, жаштар комитети, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, ишкерлер коомчулугу жана башка айылдык аймакта иш алып барган уюмдар).
(Жумушчу топтун түзүмү жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарына ылайык толукталышы же өзгөртүлүшү мүмкүн).
33.3.Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Уставдын долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана же айылдык кеңештин веб-сайтында (же башка расмий жарыялоо булактарында) жарыяланат жана айылдык чогулуштарга же жергилктүү жамааттын курултайында талкуулоо үчүн айыл чыгарылат, аны ушул Уставда белгиленген тартипте айыл өкмөтү уюштурат.
33.4.Курултайдын делегаттары, ошондой эле айылдык чогулуштун катышуучулары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү Уставдын долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
33.5.Айыл өкмөтүнүн башчысы Уставдын долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккандан кийин айылдык кеңештин кароосуна кабыл алуу үчүн киргизилет.
33.6.Айылдык кеңештин Уставды бекитүү жөнүндө токтому айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.
33.7.Кабыл алынган Уставга карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен аларды айылдык чогулуштарды же курултайда жүргүзүлгөн талкуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
33.8.Кабыл алынган уставга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеси жыйналыштардын (чогулуштардын, курултайдын), жарандардын топторунун же жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес айылдык кеңештин депутаттарынын тобунун сунушу боюнча жүргүзүлөт.
33.9.Жергиликтүү жамааттын Уставы айылдык кеңештин Уставын бекитүү жөнүндө токтому тийиштүү басма сөздө расмий жарыяланган же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын расмий веб-сайттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Күчүнө киргенден кийин жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү туралуу айылдык кеңештин токтому Уставдын тексттин тиркөө менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.
Кашка-Жол айыл
ѳкмөтүнүн башчысы: Рхманберди у Ш.