Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28- декабры №4
Жайыт комитетинин карамагындагы техникаларды иштетүүдɵн түшкɵн акча каражатынын эсебинен трактористке, эсепчиге эмгек акы тɵлɵп берүү жана таңгакталган бир пресстин баасын бекитип берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ” аттуу Мыйзамынын III главасынын 31 жана 36 беренелеринин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Техникаларды иштетүүдɵн түшкɵн бир айлык таза кирешенин 33%ы трактористке эмгек акы катары тɵлɵнүп берилип, соц.фонд жана подоход тɵлɵмдɵрү эмгек акынын эсебинен кармалсын.
2. Техникаларды иштетүүдɵн түшкɵн бир айлык таза кирешенин эсебинен айына 2200 сом бир жылга 19800 сом (9 ай х2200 сом) эсепчиге тɵлɵнүп берилип, соц.фонд жана подоход тɵлɵмдɵрү эмгек акынын эсебинен кармалсын.
3. Чɵп таңгаңтоочу техниканын бир прессинин баасы 13 сом ɵлчɵмүндɵ белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитетинин тɵрагасына жүктɵлсүн. (А.Мамасалиев)
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Жумаев) тапшырылсын.
Төрага | Н.А.Калматов |