Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12 –февралы № 1
“Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдын башына карата калган каражаттарды бɵлүштүрүү жɵнүндɵ”
Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдын башына калган каражаттарды бɵлүштүрүү боюнча айыл ɵкмɵтүнүн маалыматтарын угуп жана талкуулап,айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын бюджети жɵнүндɵ Мыйзамынын 3-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бɵлүгү 27443,5 миң.сомго,ал эми чыгаша бɵлүгү 26031,6 миң.сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. 2019-жылда аткарылбай калган милдеттенмелер 2020-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чегинде каржылансын.
3. 2020-жылдын 01-январына карата пайдаланылбай калган 2669,7 миң.сом бюджеттик каражаттар айыл ɵкмɵтү тарабынан түзүлгɵн сметага ылайык бекитилсин.
Бюджеттик каражаттардын калдыгы бекитилген сметага ылайык,анын ичинде;
биринчи кезекте ɵткɵн жылдан каржыланбай калган кредитордук карыздарды жабууга,айыл ɵкмɵтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого жумшалсын.
4. 2020-жылдын 01-январына карата пайдаланылбай калган 156,6 миң.сом атайын каражаттар айыл ɵкмɵтү тарабынан түзүлгɵн сметага ылайык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тамак-ашына чыгымдоо үчүн бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.(Т.Туйбаев)
6. ,Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айылдык Кеңештин экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Т.Жумаев)
Төрага | Н.Калматов |