МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз
XXVII сессиясы
2020 жылдын 04-марты № 276
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын ) депутаттарынын кезектеги XX сессиясынын № 267 токтомунун 1 пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 4,7,9,10,13,25,31 статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айылдык Кеңешинин( VI чакырылышынын ) депутаттарынын кезектеги XX сессиясынын № 267 токтомунун 1 пункттуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн “ Түндүк Муз Булак” учаткасынын Кара-Дөбө көмүр казып алуучу жайынын 8,8 га ( сегиз бүтүн . ондон сегиз га) жери тоо кен жери, 1 га ( бир ) жалпы- 9,8 га жерин – 2028-жылдын 18-февралына чейин ,“ АБКЕ” ЖЧК сына убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
3. Мыйзам чегинде убактылуу пайдаланууга бериле турган жердин толук документтерин карап чыгып, тиешелүү башкармалыктардан мыйзам чегинде бүтүрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |