МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги
XXVII сессиясы
2020 жылдын 04-марты № 277
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2019- жылда инвестиция тартуу боюнча алып барган иштеринин абалы жөнүндө
“«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2019-жылда инвестиция тартуу боюнча алып барган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. 2020-жылда инвестиция тартуу ишин толук кандуу алып баруу жана кошумча каражат табуу булактары айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |