Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020 жылдын 04-марты № 279
Мырза-Аке айылынын тургуну Абдыкадыров Шумкарбек Эркебаевич жеке менчик турак жайынын багытын элге кызмат көрсөтүү багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, “айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылынын Ленин көчөсүнүн № 151 үйүнүн тургуну Абдыкадыров Шумкарбек Эркебаевичтин коду № 5061510013264 жеке менчик турак- жайынын короосуна дүкөн салууга , максаттык багытын , элге кызмат көрсөтүүчү дүкөн багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |