Редакцияот 04.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги

 XXVII сессиясы

 

2020 жылдын 04-марты № 281

Мырза-Аке айылынын тургуну Аскаров Анарбек Калыбаевичтин ысымын Тынчтык көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XXVII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып,“социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча боюнча” туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Мырза-Аке айылынын тургуну маркум Аскаров Анарбек Калыбаевичтин ысымын өзү жашап өткөн Тынчтык къчъсүнүн 3 (үч) бурумуна ыйгарууну сураган жамааттык арыз канааттандырылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча боюнча” туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага

А.Кимсанов