Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020 жылдын 04-марты № 282
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн малчы, чабандарынын 29.01.2020-жылдагы жалпы чогулушунун протоколунун чечимин бекитүү жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XXVII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Айыл , суу чарба , өнөр жай, курулуш, транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү жана жайлоо комитетинин билдирүүсү менен таанышып чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн малчы, чабандарынын 29-январь 2020-жылдагы жалпы чогулушунун протоколунун чечими бекитилсин.
- кара малга – 1 айга- 500 сом
- жылкы- 1 айга – 500 сом
- кой,эчки – 1 айга 100 сом
-малды карабай арам өлтүрсө ,жоготсо , карышкырга жедирсе, алмаштырса башка баш төлөнсүн.
- Эгинди ,чөп ормону жедирсе зыянын төлөйт.
1. Жайлоого көчүү мөөнөтү 10-майга чейин , көчүп келүү 10-сентябрдан кийин.
2. 2020-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө өлчөмдөрү :
ири мүйүздүү мал үчүн , бир баш үчүн- 100 сом
кой, бир баш үчүн- 20 сом
эчки , бир баш үчүн- 50 сом
жылкы бир баш үчүн- 100 сом
картошка, 1 сотых үчүн -100 сом
жайыттагы кашааланган жер аянты 1 сотых үчүн – 100 сом
3. Ики жайытты пайдаланып ,башка жайытка чыгып кеткендер үчүн.
кара мал , бир баш үчүн- 50 сом
жылкы , бир баш үчүн - 50 сом
кой , бир баш үчүн- 10 сом
эчки, бир баш үчүн- 30 сом
4. Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн
ири мүйүздүү мал,бир баш үчүн 150 сом
кой, бир баш үчүн- 30 сом
эчки , бир баш үчүн- 60 сом
жылкы , бир баш үчүн – 150 сом
5. Картошка жана башка өсүмдүктөрүн өстүрүп тоскон кашаалар алынып , картошка жана башка өсүмдүктөрдү эгүүгө тыюу салынып, жайыт жерлери жайыт катары пайдаланууга берилсин.
6. 2019-жылы жайыт пайдаланып ,жайыт акысын төлөбөгөндөргө жайыт берилбесин.
7. 2020-жыл үчүн жайыт пайдалануучулар жайыт акысынын 50 % каражатын төлөө менен жайыт билетин алышсын.
8. Жайыт билетин албагандарга жайыт бөлүнүп берилбесин.
9. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноодон түшкөн каражаттарды айыл өкмөтүнүн бюджетине багыттоо милдети жүктөлсүн.
10. 2019-жылы жайыт комитетинин аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
11. 2020-жылга жайыт комитетинин бюджети төмөнкүдөй көрсөткүчтөр менен бекитилсин.
Жалпы киреше- 354 000 сом
Анын ичинен сарпталат:
Жайыт салыгы- 71500 сом
Эмгек акысы- 156 000 сом
Транспорттук чыгым -20000 сом
Соц фонд- 17.25%- 30000 сом
Концтовар – 5000 сом
Жайыт инфраструктурасы- 63500 сом
Жайыт пайдалануучулардын ассоциясына- 8000 сом
Жалпы жыйынтык- 354 000 сом
12. Жайыт комитетинин мобилдик талаа мектебинин комиссия курамдарын бекитүүгө макулдук берилсин.
13. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешевке милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |