Сравнение редакций…
КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 18 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 11-апрели ПЖ # 88 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасында коомдук-саясий кырдаалды андан ары турукташтыруу үчүн чараларды иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларга алып келген себептерди, шарт-тарды жана кырдаалды өлкөдө пайда болгон оорчулук очокторун басуу жанакырдаалды андан ары турукташтыруу максатында ошондой эле Кыргыз Респуб-ликасында коомдук-саясий кырдаалды андан ары турукташтыруу үчүн чара-ларды иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссиянын курамына кошуу үчүн өзөкүлдөрүн аныктаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, саясийпартиялардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын сунуштарын эске алуу менентоктом кылам: 1. Кыргыз Республикасында коомдук-саясий кырдаалды андан ары ту-рукташтыруу үчүн чараларды иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссия(мындан ары - Мамлекеттик комиссия) тиркелген тиркемеге ылайык түзүл-сүн. 2. Мамлекеттик комиссиянын төрагалыгына Кыргыз Республикасынынкоопсуздук кењешинин катчысы Ниязов Мирослав Жумабекович дайындалсын. 3. Мамлекеттик комиссия 2005-жылдын 15-майына чейинки мөөнөттө: - 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларга алып келген себептерди, шар-ттарды жана кырдаалды ар тараптан иликтесин жана расмий корутунду бер-син; - Кыргыз Республикасында кырдаалды андан ары турукташтыруу жанакоомдо жарандык ынтымак-ырашкерликке жетишүү боюнча чараларды иштепчыксын жана сунуш кылсын. 4. Мамлекеттик комиссияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн алтөмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин: - мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган-дарынын кызмат адамдарынан зарыл документтерди жана маалыматтарды сура-тууга жана алууга; - убактылуу жумушчу топторду түзүүгө жана өз ишине мамлекеттикбашкаруу жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызматкерле-рин, жарандык коомдун өкүлдөрүн тартууга; - пайда болгон оорчулук очокторун басуу жана өлкөдө кырдаалды ту-рукташтыруу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу үчүн аткаруу бий-лик органдарына сунуш киргизүүгө. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мамлекеттик комиссиянын ишин ма-териалдык-техникалык жана башкача камсыз кылууну жүзөгө ашырсын Комис-сиянын мүчөлөрүнүн ишсапарларынын чыгымдары ишсаларга жиберген уюмдар-дын эсебинен жүргүзүлсүн. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу К.Бакиев Тиркеме Кыргыз Республикасында коомдук-саясий кырдаалды андан ары турукташтыруу үчүн чараларды иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссиянын курамы НИЯЗОВ Мирослав - Кыргыз Республикасынын коопсуздук кењешинин Жумабекович катчысы, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы; АБДЫЛДАЕВ Мыктыбек - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри- Юсупович нин милдеттерин аткаруучу; АЙТБАЕВ Таштемир - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Сыдыгалиевич кызматынын төрагасы; АКУНОВ Бейшебек - Кыргызстан коммунисттер партиясынын өкүлү; Акунович БАБАНОВ Өмүрбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Токтогулович депутаты; БАЙСАЛОВ Эдил - "Демократия жана жарандык коом үчүн" Коали- Жолдубаевич ция" коомдук бирикмесинин президенти; БЕКНАЗАРОВ Азимбек - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун Анаркулович милдеттерин аткаруучу; ДИЛЬ Валерий - Кыргызстан калкы Ассамблеясынын өкүлү; Исидорович ИСАБЕКОВ Кубанычбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Сатиндиевич депутаты; ИСАЕВ Кусейин - "Улут Ордо" коомдук уюмдар Ассоциациясынын өкүлү, КАДЫРБЕКОВ Ишенбай - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премь- Дүйшөнбиевич ер-министринин - Транспорт жана коммуника- ция министринин милдеттерин аткаруучу; НУР уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын билим берүү министр- инин милдеттерин аткаруучу; ОРМОНОВ Улугбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Зулпукарович депутаты; САДЫРБАЕВ Дооронбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты; СУЛТАНОВ Марат - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Абдразакович депутаты; ТУРГУНАЛИЕВ Топчубек - Кыргызстан элдик кыймылынын өкүлү.