Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 2-июну ПЖ № 209
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН
АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ишин
финансылык, материалдык-техникалык жана башкача
камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а.
2005-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 277 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин 2005-жылдын 11-апрелиндеги № 144-III "Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин финансы-чарбалык башкармасын түзүү жөнүндөгү",
2005-жылдын 19-апрелиндеги № 163-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин финансы-чарбалык башкармасын кайра атоо жөнүндөгү" токтомдо-
рун эске алып жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин көзкаранды-
сыз жана натыйжалуу ишин камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды түзүү, ошон-
дой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ишин финансылык, мате-
риалдык-техникалык жана башкача камсыз кылууну оптималдаштыруу макса-
тында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ишин финансылык, мате-
риалдык-техникалык жана башкача камсыз кылууну оптималдаштыруу жана
анын ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылуу
боюнча тийиштүү кызматын түзүү жөнүндөгү сунушуна макулдук берилсин.
2. Ушул жылдын акырына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин жана анын Аппаратынын ишин финансылык, материалдык-техникалык
жана башкача камсыз кылуу маселеси Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин Эл өкүлдөр жыйыны, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин тейлөө
боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын бөлүмдөрү
жана автотранспорттук бирикмеси үчүн 2005-жылга республикалык бюджеттин
алкагында бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүргүзүлө тургандыгы аныктал-
сын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген
тартипте:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Иш башкармасына - матери-
алдык-техникалык жана финансылык камсыз кылуу Кызматына төмөнкүлөрдү
өткөрүп берсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешин тейлеген Кыргыз Республика-
сынын Президентинин Иш башкармасынын бөлүмдөрүнүн жана автотранспорт
бирикмесинин кызматкерлеринин штаты;
анын балансына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жана анын
аппаратынын иши үчүн пайдаланылган финансылык, материалдык-техникалык
каражаттарды жана башка мүлктү;
- төмөнкүлөрдү даярдасын жана сунуш киргизсин:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын түзүмүн жана
штаттык санын өзгөртүү боюнча;
мамлекеттик башчысынын ченемдик укук актыларын ушул Жарлыкка ыла-
йык келтирүү боюнча.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а. 2005-жылдын 15-июлун-
дагы ПЖ № 277 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Жарлык келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселе-
лерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтрсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев