Загрузка документа…
КОШ ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
30-декабры 2019-жылдын № 25\ 108
Элден алынуучу тазалык жыйымды токтотуу жөнүндө.
Айыл аймагында ар бир түтүндөн милдеттүү түрдө тазалык жыйымды токтоттуу максатында Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында ар бир түтүндөн милдеттүү түрдө тазалык жыйымы Кара-Күңгөй Кара-Саз айылдарында 2019-жылдан баштап жеке менчик муниципалдык ишкана аркылуу келишим менен таштандылар чогултулуп ар бир түтүн өзүнчө төлөп жаткандыктан 2020-жылдан баштап токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Кочкор башкармалыгына кат жүзүндө билдирилсин жана 2020-жылдан баштап жыл сайын алынуучу 20,0 миң сом тазалык жыйым жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнөн кыскартылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын , финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы С.Капаровго тапшырылсын.
Төрага :- Казиев .С