Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а. 2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 273 Жарлыгына ылайык күчүн жоготкон Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 2-июну ПЖ № 210 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башкаруу структураларын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу 1. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жанажергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башкаруу структураларынандан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы № 364 Указы менен бекитилген«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүүмамлекеттик администрацияларынын жана шаарларындагы жергиликтүүөзалдынча башкаруу органдарынын аткаруу-тескөө органдарынынжетекчилеринин орунбасарларынын санынын чеги» деген 3-тиркемегетөмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматында - төрттөнашпаган, анын экөө биринчи орунбасар, анын ичинде: - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынынбиринчи орунбасары -Чегара аскерлеринин колбашчысы;». - 2-пунктта алтынчы абзац алып салынсын; - 4-пунктта «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы»деген сөздөр алып салынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайыккелтирсин. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев