Бишкек шаары, Өкмөт үйү2005-жылдын 18-июну, ПЖ №243 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото туруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаБорбордук комисиясы тарабынан К.С.Бакиевдин Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталгандыгына байланыштуужана Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин -28-статьясынынталаптарын аткаруу иретинде токтом кылам: 1. Бакиев Курманбек Салиевичтин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматгык ыйгарым укуктарын аткарышы 2005-жылдын 20-июнунан баштап Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүкүнүнү аяктаганга чейин токтотула турсун. 2 Ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн ишине жектекчилик кылуу- КыргызРеспубликасынын биринчи вице-премьер-министрлери жана вице-премьер-мињистрлери өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын. 7-июнундагы №218 буйругу менен белгиленген милдеттердибөлүштүрүүгө ылайык аткара тургандыгы белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматгык ыйгарымукуктарын аткарууну убактылуу токтото турууга байланыштуу жанаК.С.Бакиевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучукатары ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу максатындаКыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тейлөө режиминөзгөртүү боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзсүн. 4. Ушул Жарлыктын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү белгиленген тартиптежана мөөнөттө Кыргыз Рсспубликасынын шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнча Борбордук комиссиясына жиберилсин. 5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентининмилдетин аткаруучу К.Бакиев