Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2019-жылдын 18-октябры № 5/3
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 5-кезексиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык кеңешинин Регламентине ылайык, туруктуу комиссияларына төмөндөгү маселелер боюнча толуктоолор киргизилсин:
Этика - регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча;
Укук тартип- ишти уюштуруу, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаты, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча;
Бюджет – бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иштер жана тышкы экономикалык байланыш боюнча;
Агрардык - архитектура, курулуш, таранспорт боюнча жер, айыл чарбасы жана экология боюнча;
Социалдык – социалдык маселелер, жаштар, спорт жана маданият боюнча;
2. Айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-февралындагы №2 токтому менен бекитилген туруктуу комиссия курамдарына кеңири тааныштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж.Иманкулов |