Загрузка документа…
С.АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2019-жылдын 27-майы № 4
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Маматкулованын билдирүүсү боюнча бюджеттик туруктуу комиссия талкуулап С.Атабеков айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 18904,2 миӊ сом, атайын каражат 4413,0 миӊ сом жана теӊдөө гранты эсебинен 14144,3 миӊ сом кошулуп 37461,5 миӊ сом №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Теӊдөө гранты көлөмү 2019-жылга 14144,3 сом өлчөмдө №2-тиркемеге ылайык бекитилсин жана пайдалануу биринчи кезекте корголгон беренелерге жумшалсын.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр жана беренелер аралык бөлүнүшү 37461,5 миӊ сом өлчөмүндө №3 тиркемесине ылайык бекитилсин.
4. КР Өкмөтүнүн 2018 – жылдын 20-июнундагы №208- буйругуна ылайык 2019-жылга электр энергиясына билим берүү бөлүмүнө 636,0 миӊ кВт, аппарат бөлүмүнө 100,2 кВт, коммуналдык чарба бөлүмүнө 95,8 миӊ кВт, жалпы 832,0 миӊ кВт электрэнергия боюнча лимити бюджеттик мекеме уюмдар боюнча бөлүнүшү №4-тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлорунда, балдар-бакчалардын жетекчилерине милдеттендирилсин. Коммуналдык кызматтар жана жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) аткарылган көлөмдөрү боюнча боюнча карыздарды өз убагында жабуу үчүн айыл өкмөт башчысы көзөмөл жүргүзсүн.
5. Балдар-бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 15.01.2008-жылдагы №7 токтомуна ылайык күнүнө жергиликтүү бюджеттен 18 сомдон акча каражаты №5 тиркемесине ылайык бекитилсин.
6. КР Бюджеттик Кодексинин 24-беренесинин ылайык жергиликтүү бюджеттен резервдик фонду 327,2 миӊ сом өлчөмүндө белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул Кодексте көрсөтүлгөн Жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
7. Айыл өкмөтүнүн «Башкаруу» бөлумүнүн типтүү түзүмү жана штат бирдиги КРӨкмөтүнүн 8-июль 2013-жылдын №403 токтомуна ылайык штат бирдиги жана КР Өкмөтүнүн 1-март 2017-жылдагы № 131, 7-август 2017-жылдагы №466 токтомуна ылйык 7043,0 миӊ сом эмгек акы фондусу менен №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомуна ылайык айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын жана калктын санына жараша 14 айыл башчы штат жана аскереге каттоо бөлүмүнүн 5 штат бирдиги № 6 тиркемеге ылайык кармалсын.
9. 2018-жылга айылдык жайыт пайдалануучулар комитетине жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу жана жайыт комитетинин кызматкерлерине «Эмгек акы» акы фондуна 232,8 миӊ сом, «Соцфондго чегерүү» 40,1 миӊ сом, 2215 «Башка чыгымдар» беренесине 146,5 миӊ сом №11 тиркемеге ылайык төлөнсүн. Жайыттарды жакшыртуу үчүн инвестиция тартууга 1000,0 миӊ сом.
10. КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31 январындагы №66 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги 473,4 миӊ сом «Эмгек акы» фондусу менен , башка чыгымдары 220,0 миӊ сом №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомунун негизинде кызматтык автоунаанын чыгымдарына 191,3 миӊ cом жана КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17 сентябрындагы №672 токтомунун негизинде 72,0 миӊ сом жооптуу кызматкерлердин менчик автоунаасын өкмөттун кызматына пайдалангандыгы үчүн компенсация катары, жалпы 263,3 миӊ сомдук транспорттук чыгымдар №8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
12. 2019-жылга «Башкаруу» бөлүмүнүн №9 тиркемеге ылайык иш сапары чыгымы 100,2 миӊ сом, интернет байланышы учун 30,0 миӊ сом ар түрдүү чыгымдары 2546,0 миӊ сом, мүлктөрдү учурдагы оӊдоого 200,0 миӊ сом, чарбалык буюмдарды алуу чыгымдары үчүн 340,0 миӊ сом, машиналар жана жабдууларды сатып алууга 462,0 миӊ сом өлчөмүно бекитилсин.
13. 2019-жылга «Туракжай жана коммуналдык чарба» бөлүмүнүнүн чыгымдары № 10 тиркемеге ылайык 9298,3 миӊ сом өлчөмүно бекитилсин.
14. 2019-жылга «Билим берүү» бөлүмүнүн чыгымдары №13 тиркемеге ылайык «Артүрдүү чыгымдарга» 112,0 миӊ сом, «Тамак-аш» беренесине 2540,2 миӊ сом, «Жабдууларды жана шаймандарды сатып алуу» беренесине 56,0 миӊ сом, «Көмүр сатып алуу» беренесине 649,5 миӊ сом, «Электрэнергиясын» пайдаланууга 1596,4 миӊ сом, «Имараттар жана курулмалар» беренесине – 2297,3 миӊ сом, өлчөмүндө бекитилсин.
15. Социалдык камсыздандыруу бөлүмү №15 тиркемеге ылайык 1700,0 миӊ сом өлчөмүндө белгиленсин.
16. Атайын каражаттардын чыгымдары балдар бакчаларынын тамак – аш азыктарын сатып алууга 4173,0 миӊ сом, «Аппарат» бөлүмүнө 240,0 миӊ сом №15 тиркемеге ылайык бекитилсин.
17. Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү салыктарды жана ижара акыларды өз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу ар бир айылдын айыл башчыларына жана салык кызматчыларна жеке милдеттендирилсин.
18. 2019-жылдын чыгаша бөлүгүно көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарын аткаруу 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 КР мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөттүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Мурзакаримовага милдеттендирилсин.
19. Айыл өкмөтүндө 2019-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү КР Бюджеттик Кодексинин негизинде бюджет - финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу менен сессияга сунушталсын.
20. 2018-жылда пландык көрсөткүчтөн ашыкча жыйналган каражаттар КР Бюджеттик Кодексинин 115 беренесине ылайык айылдык кеӊештин сессиясынын чечими менен пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Мурзакаримовага милдеттендирилсин.
21. Айыл өкмөтүнүнтармактарынын иш-пландары боюнча бөлүнгөн каражаттардын МСА электрондук порталынан үнөмдөлгөн көлөмү айылдык кеӊештин чечиминин негизинде башка тармактардын муктаждыктарына жумшоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
22. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы эпизодикалык абалды өз деӊгээлинде кармоо үчүн вакцинация иштерине, массалык жугуштуу оорулардын алдын алууга, өз убагында чара көрүүгө, кутурма ооруларга жолбун ит-мышыктарды жоюга 70,0 миӊ сом акча каражаты каралсын.
23. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Мурзакаримовага жүктөлсүн.
Төрага | А. Калмурзаев |