Загрузка документа…
С.АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2019-жылдын 27-майы № 5
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттен жана атайын каражаттардан 2019-жылдын 1-январына калган калдыгын пайдалануу жөнүндө КР «Бюджеттик Кодексинин № 44-беренесинин 4-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 01.01.2019жылга калган жалпы 6857,7 миӊ төмөнкүдөй тартипте бөлүнсүн.
2. Жергиликтуү бюджеттен калган 6775,3 миӊ сом эркин калдык төмөнкүдөй тармактарга жана беренелерге бекитилсин:
- «Коммуналдык чарба» бөлүмүнөн 70629 Кара-Жыгач айылынын Шерипов Т жана Т.Токторбаев көчөлөрүнө – 1700,0 миӊ сомго, Кызыл-Багыш айылынын Каримов көчөсүнө-1292,0 миӊ сомго, Жийде айылынын Кудайкулов, Маманов көчөлөрүнө – 1094,7, асфальт жаткырууга, Кызыл-Багыш айылына таза суу линиясынын суу түтүктөрүн алматырууга 150,0 миӊ сом акча каражатын, Бек-Абад айылына таза суу скважинасын курууга – 1650,0 миӊ сом акча каражатын, Бек-Абад айылындагы «Аталар» чайханасын оӊдоп-түзөө–150,0 миӊ сом каражатты, Балта-Казы айылынын суу мунарасын курууга–250,0 миӊ сом акча каражатын, дагы башка майда курулуш иштерине–72,4 мин сом, жалпы 3111 «Имараттар жана курулмалар» беренесине–6359,1 миӊ сом акча каражаты, 3112 «Машиналар жана жабдуулар» беренесине Бек-Абад айылына суу насососун сатып алууга – 298,0 миӊ сом акча каражатын 2221 «Мүлктөрдү учурдагы ондоо» беренесине 50,0 миӊ сом, 68,2 миӊ сом акча каражатын «Жайыт комитети» бөлүмүнө 70429 – 2215 «Башка чыгымдар» беренесине жумшалсын.
3. Атайын каражаттардан 01.01.2019-жылга калган 82,4 миӊ сом калдык төмөнкү бөлүмдөргө жумшалсын:
- 70911 балдар бакчасынын тамак-ашы үчүн 81,8 миӊ сом акча каражаты 2218 «Тамак-аш» беренесине, аппарат бөлүмүнө 70111 – 0,6 миӊ сом 2215 «Башка чыгымдар» беренесине жумшалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Сузак башкармалыгынан 2019-жылдын планын тактоо суралсын.
5. Токтомго бекитилген акча каражатын натыйжалуу бөлүштүрүү жагы С. Атабеков айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. Калмурзаев |