Загрузка документа…
С.АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2019-жылдын 14-июну № 2
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынчы башкаруцу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө» мыйзамынын 49-беренесинин 3-пунктуна жана С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоону өткөрүү жөнүндө 2019-жылдын 14-июнундагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколун карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо боюнча жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколу бекитилсин.
2. С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жаӊы депутаттардын көпчүлүк добушун алган Курбанов Темур Дастанбекович шайланды деп эсептелсин.
3. Ушул токтомду бекитип Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | А. Калмурзаев |