Загрузка документа…
СУУСАМЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2016-жылдын 22-августу № 32/2
2016-жылдын 28-июлундагы ЖЧК "АгроТекКомпании" компаниясынын коммерциялык директору А.Пактын жана 2016-жылдын 4-апрелиндеги "Москва" мунайзат компаниясы" ЖЧКсынын Генералдык директору А. Мырсалиевдин Суусамыр айыл өкмөтүнө кат менен кайрылуусунун негизинде жана айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Дуйшоналы уулу Урматтын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Суусамыр. айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 32-кезексиз ceccиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суусамыр айыл аймагында Бишкек-Ош жолунун 144 км жайгашкан 0,75 га жана 603 контурда 10,0 га жайыт жер тилкеси жайыт категориясынан ондүрүш, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытагы жер категориясына которуп берүүсүн Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2. Бул. токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы У. Отунчиевге милдеттендирилсин.
Төрага | З. Асаналиев |