Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
2019-жылдын 7-июну № 110/17-27
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына, Жер Кодексинин 44 беренесине ылайык, 26.09.1997ж. № 168 “Подгорное айылынын мечитине имарат берүү жөнүндө” Орловка айыл Өкмөтүнүн башчысынын Токтомун эске алуу менен, ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармасынан Подгорное айылынын мечитинин ишенимдүү адамынын М.Т. Орузбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Орловка шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Подгорное айылынын Фабричная көчөсү н/ж жер тилкесинде жайгашкан мечитке жалпы аянты 870 чарчы метр жер тилкесин бекитүү Орловка шаарынын мэриясына тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | Д.С.Сарбаев |