ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
Орловка шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVII кезектеги сессиясы
2019-жылдын 7-июну № 111/17-27
Орловка шаарынын мэриясынын балансына ээсиз жер тилкелерин (мурда жатаканалар жана мурдагы "Заря" дүкөнүнүн жер тилкелери) кабыл алуу жөнүндө
Орловка шаарынын мэринин кайрылуусун карап чыгып, Орловка шаарынын жерге жайгаштыруу жетектөөчү адиси – Т.Темиркановтун Орловка шаарынын мэриясынын балансына ээсиз жер тилкелерин (мурдагы жатаканалар жана мурдагы "Заря" дүкөнүнүн жер тилкелери) кабыл алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Орловка шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Правда көчөсүндө жайгашкан мурдагы жатаканалар жана мурдагы "Заря" дүкөнүнүн ээсиз жер тилкелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Орловка шаарынын мэриясынын балансына алуу иш-чаралары өткөрүлсүн.
2. .Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | Д.С.Сарбаев |