ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVII кезектеги сессиясы
2019-жылдын 7-июну № 112/17-27
01.01.2019-жылга карата жергиликтүү бюджеттин акча каражаттарын (эркин калдыкты) бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, ошондой эле Орловка шаарынын мэринин 2019-жылга карата чыгымдар сметасы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Орловка шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 01.01.2019-жылга карата жергиликтүү бюджеттин эркин калдыгын 1833,1 миң сом көлөмүндө таштандыларды тазалоо үчүн атайын автоунааны сатып алууга бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасовага жүктөлсүн.
Төрага | Д.С.Сарбаев |