Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-июну № 113/17-27
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Орловка шаарынын мэри – Б. А. Чанчаровдун берилген кайрылуу (долбоорду) була-оптикалык кабелди тартуу жана илүү курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу боюнча кызматтарын Подгорное айылынын бала бакчасына жана тургундарына Интернет желеси менен камсыз кылуу үчүн маалыматын угуп жана талкуулап, Орловка шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Подгорный айылынын тургундарын жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу долбоорду артыкчылыктуу долбоор деп эсептелсин.
2. Демилгелүү топ бекитилсин (№1 тиркемеге ылайык).
3. Орловка шаарынын мэриясына Кемин районунун Өнүктүрүү Фондуна бул долбоорду кошо каржылоо үчүн 300,0 миң сом көлөмүндө кайрылуу(долбоорду) даярдоо жана берүү тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы – Л.А.Абасовага жүктөлсүн.
Төрага | Д.С.Сарбаев |