Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-июну № 114/17-27
Орловка шаарынын мэри – Б. А. Чанчаровдун маалыматын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле шаардык жыйында элдин пикирин эске алып, Орловка шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясынын аймагындагы калктан таштандыларды (катуу тиричилик калдыктарды) ташып чыгаруу кызматы үчүн тарифтерди бир айда бир кишиден 5(БЕШ) сом бекитилсин.
2. Юридикалык жактар жана уюмдар үчүн таштанды полигонунда КТК (катуу тиричилик калдыктарды) жайгаштыруу боюнча кызматтар үчүн тарифтерди бир жылда бир кишиден 100(жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн акысын чогултуу Орловка шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн, катуу тиричилик калдыктарын калк тарабынан ташып чыгаруу үчүн чогулган каражаттардан түшкөн сумманын эсебинен 20% квартальныйларга төлөнөт.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | Д.С.Сарбаев |