Загрузка документа…
МАЕВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-февралы № 1
Назарбекова Умсун Умаровнага тандык жалпы аянты 12,06га болгон (сугарылуучу айдоо) жер участогун которууга (трансформациялоого) уруксат берүү жөнүндө
Назарбекова У.У. жарандын арызын карап чыгып Маевка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Назарбекова У.У. жеке менчик укугуна ээлик кылган № 684 контурдагы Маевка айыл өкмөтү аймагында жайгашкан жалпы аянты 12,06га болгон (сугарылуучу айдоо) жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) уруксат берилсин.
2. Индустриалдык-логистикалык борбордун өнөр жай объекттерин куруу үчүн У.У. Назарбекованын жеке менчик укугуна таандык № 684 контурдагы Маевка айыл өкмөтү аймагында жайгашкан жалпы аянты 12.06.га болгон (сугарылуучу айдоо) жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясына өтүнүч берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Маевка айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Алиевге жүктөлсүн.
Айылдык кеӊешинин төрагасы | М.Т Молдокулов |