Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 26- кезектен тышкаркы сессиясы
2019-жылдын 26-октябры №2
Катуу тиричилик калдыктарынын көлөмдөрүн чогултуу (түзүү) ченемдерин жана эсептөө тартибин бекитүү жөнүндө
Таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн алуучулары менен жеткирип берүүчүлөрүнүн арасындагы мамилелерин жөнгө салуу максатында Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Төмөнкү катуу тиричилик калдыктарынын көлөмдөрүн чогултуу (түзүү) ченемдери айылдык аймактын аймагында бекитилисин
№ | Кардарлар | Ченөөнүн бирдиги | Чогултуунун ченеми |
1 | Турак жай объекттери | 1 үйгө жолугу | 0.1 |
2 | Соода объекттери | 1 соода түйүнү | 0.2 |
3 | ФАП | 1 мекеме | 0.1 |
4 | Больница | 1 мекеме | 0.3 |
5 | Балабакча | 1 мекеме | 0.2 |
6 | Дарыкана | 1 мекеме | 0.1 |
| Унааларды техникалык тейлөө жайлары | 1 уста/бокс | 0.2 |
7 | Автоунааларга май куючу жайлар | 1 жумуш орду | 0.2 |
8 | Окуу жайлары | 1 мекеме | 1 |
9 | Мечит | 1 мекеме | 0.1 |
10 | Спорттук комплекстер жана (курулмалар) объекттер | 1 катышуучулар | 0.2 |
11 | Коомдук тамактануу жайлары | 1 жай | 0.3 |
12 | Офистер, конторлор жана башка объектер | 1 мекеме | 0.2 |
13 | Китепкана | 1 мекеме | 0.1 |
14 | Клуб | 1 мекеме | 0.2 |
15 | Өндүрүш объектери | 1 мекеме | 0.3 |
16 | Мончо | 1 мекеме | 0.1 |
Айылдык аймактын территориясында, катуу тиричилик калдыктарын 1 куб. метрин жыйноо жана чыгаруу кызмат көрсөтүүнүн тарифи 284 сом өлчөмүндө бекитилсин ( бир кап катуу тирикчилик калдыктары-20 сом).
3. Айыл өкмөткө,
- 2019 жылдын 1-чи декабрга чейин, катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу боюнча бекитилген ченемдерге ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык аймактын территориясында катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу кызмат көрсөтүү алуучулары менен келишимдерге кол коюлуусун камсыздасын;
- катуу тиричилик калдыктарын эсептөө тартибин кынтыксыз сактоо боюнча жана алардын тууралыгына көзөмөл жүргүзү боюнча чараларын көрсүн;
- Катуу тиричилик калдыктарын чогултуу (түзүү) жаңы ченемдерин колдонуу боюнча айылдык аймактын территориясында жайгашкан калк, чарбалык субъекттер, мекемелер менен түшүндүрмө иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн;
4. Төмөнкү токтом каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү максатында, адилет министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Төмөнкү токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Имамов |