Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылышы) кезектеги 26-сессиясы
2019-жылдын 23-октябры №26/104
Кызыл–Кыя шаарынын 2019–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 9 айында аткарылышына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, “Кызыл–Кыя шаарынын 2019–жылга жергиликтүү бюджетинин 9 айына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып, шаардын 2019–жылга жергиликтүү бюджетинин сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык менчик департаментинин 3111 “Активдер жана милдеттенмелер” статьясынан 1516,0 миң сомго кыскартылып, 2111 «Эмгек акы төлөө» статьясына жана 2121 «Соц фондго чегерүү» статьясына көбөйтүлүп берилсин.
2. Шаардык маданият бөлүмүнүн 2221 «Учурдагы оңдоо» статьясынан 60,0 миң сомго кыскартылып, 22154900 «Башка чыгымдар» статьясына 60,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
3. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына аялдар кеңешинин ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн 50,0 миң сом акча каражаты 2019-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен бөлүнүп берилсин.
4. Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык менчик департаментинин 2221 “Учурдагы оңдоо” статьясынан 427,0 миң сомго кыскартылып, 2214 «Транспорттук чыгымдар» статьясына 320,0 миң сомго жана 22154900 «Башка чыгымдар» статьясына 107,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
5. Шаардык экономикалык бөлүкчөнүн 3111 “Активдер жана милдеттемелер” статьясынан 173,2 миң сомго кыскартылып, №8 орто мектебинин 2221 “Учурдагы” оңдоо статьясына 90,7 миң сомго жана 22221100 “Эмеректерди сатып алуу” статясына 82,5 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
6. Шаардык экономикалык бөлүкчөнүн 3111 “Активдер жана милдеттемелер” статьясынан 650,0 миң сомго кыскартылып, муниципалдык менчик департаментинин 3111 “Активдер жана милдеттемелер” статьясына 650,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
7. Шаардык экономикалык бөлүкчөнүн 3111 “Активдер жана милдеттемелер” статьясынан 40,0 миң сомго жана маданият бөлүмүнүн 3111 “Активдер” статьясынан 80,0 миң сомго кыскартылып, маданият бөлүмүнүн 2211 “Сапардама чыгымдар” статьясына 120,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
8. Шаардык № 9-орто мектебинин 2221 “Учурдагы” оңдоо статьясынан 150,0 миң сомго кыскартылып, 3112 “Активдер жана милдеттемелер” статьясына 150,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
9. Шаардык муниципалдык менчик департаментинин 2222 “Чарбалык буюмдарды жана материалдарды сатып алуу” статьясынан 120,0 миң сомго, 3112 «Эмеректер, кеңсе жабдууларын сатып алуу» статьясынан 139,0 миң сомго кыскартып, 2215 «Башка чыгымдар» статьясына 259,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | У. Дарипова |