Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылышы) кезектеги 26-сессиясы
2019-жылдын 23-октябры №26/105
Кызыл–Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына шаардын жергиликтүү бюджетинен кошумча 1 трактористтин штаттык бирдигин бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019–жылдын 05–мартындагы протоколунун чечимин, шаардын мэриясынын 2019–жылдын 25–февралындагы №01–8/280 сандуу жана «Караван» аймактык башкармалыгынын 2019–жылдын 24–январындагы №01–34/41 сандуу кайрылуу каттарын эске алып, Кызыл–Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына оперативдүү башкарууга берилген дөӊгөлөктүү тракторду аймактык башкармалыктын жана элдин керектөөсү үчүн толук кандуу пайдаланууга шарт түзүү максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгынын штатына шаардын жергиликтүү бюджетинен кошумча төмөнкү кенже тейлөөчү кызматкердин штаттык бирдиги бөлүнүп берилсин:
1). Тракторист – 1 бирдик.
2. Кызыл–Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгынын башчысы Н.Кыпчаковго Кызыл–Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына кошумча бөлүнүп берилген трактористтин 1 штаттык бирдигинин эмгек акысын каржылоону шаардын жергиликтүү бюджетинен аймактык башкармалыгына каралган акча каражаттарынын чегинде жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |