Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылышы) кезектеги 26-сессиясы
2019-жылдын 23-октябры №26/106
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2013-жылдын 23-майындагы №5/17 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 6-11-сентябрындагы №28 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2013-жылдын 23-майындагы «Кызыл-Кыя шаарындагы оор жүк ташуучу автоунаа айдоочуларынын «И.Жусубалиев жана Восток кичи районунун көчөлөрүнөн эрте менен жумушка, кечинде үйгө кайтып баруу үчүн уруксат берүү жөнүндө» катын кароо тууралуу» №5/17 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Токтомдун 1–пункту төмөнкү текст менен алмаштырылсын:
1) Кызыл-Кыя шаарынын көчөлөрүнөн эрте менен жумушка, кечинде үйгө кайтып баруу үчүн жүгү жок бош өтүүгө оор жүк ташуучу автоунаа айдоочуларына уруксат берилсин (түзүлгөн тизмеге ылайык);
2) Кызыл-Кыя шаарындагы оор жүк ташуучу автоунаа айдоочуларынын бригадирине квартал сайын, квартал бүткөндөн кийинки айдын 5-числосуна чейин оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын аты жөнү, жашаган дареги жана айдашкан автоунаасынын маалыматтары камтылган тизмелерди шаардын муниципалдык менчик боюнча департаментине тапшырып туруу жагы милдеттендирилсин;
3) Кызыл-Кыя шаарынын ичинде ХОВО, МАН сыяктуу чоң көлөмдүү оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө тыюу салынсын.
2. Токтомдун 2–пункту төмөнкүдөй текст менен алмаштырылсын:
1) Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 12-июнундагы №25 протоколунун чечими менен бекитилген комиссия курамына милдеттендирилсин:
-шаардык кеӊештин туруктуу комиссиясы тарабынан иштелип чыгып, бекитилген пропускаларды шаардагы оор жүк ташуучу автоунаа айдоочуларына берүүнү уюштуруу жагы;
-пропускаларды курулуш материалдарын ташыган, жүктү өзү оодарып төгүүчү (самосвал) автоунааларга берүү жагы;
-Кызыл-Кыя шаарында жүрүүгө уруксат берилген оор жүк ташуучу автоунааларга ар бирине маршруттук каттамдарын тиркеп берүү жагы;
3. Кызыл-Кыя шаарындагы оор жүк ташуучу автоунаа айдоочуларынын бригадирине айдоочуларга пропускаларды шаардык кеӊештин туруктуу комиссиясы бекиткен тизмеге ылайык, документтерди даярдоо менен алдыруу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун 4–пункту алынып салынсын.
II. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |