Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылышы) кезектеги 26-сессиясы
2019-жылдын 23-октябры №26/107
Кызыл–Кыя шаарынын тургуну Халмурзаев Абиш Алыбаевичке “Кызыл–Кыя шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, Кызыл-Кыя шаарынын Уставынын XXI бөлүмүнүн 116– жана 117–беренелерине жана “Кызыл–Кыя шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Халмурзаев Абиш Алыбаевичке “Кызыл–Кыя шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө маселе шаардык кеӊештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна жөнөтүлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |