Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-октябры №51
Токтогул шаарынын мэринин 2019-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Депутаттын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарган иштери жөнүндөгү маалыматы жөнүндө депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 2019-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы жалпысынан канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бюджеттин жергиликтүү салыктардан чогулган бөлүгү (атайын каражаттарды кошпогондо) 29 924,6 миң сомго, 105,6% аткарылгандыгы, ал эми чыгаша бөлүгү жыл башында бекитилген планга ылайык аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
3. Аймакты социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча айтылган сунуш-пикирлер эске алынсын.
4. Сырттан инвестиция тартуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлсүн, сырткы донорлор менен иштөө үчүн долбоорлорду өз убагында даярдоо боюнча жоопкерчиликтүү иштер жүргүзүлсүн.
5. Токтогул шаардык кеңештин токтомдору жана протоколдук тапшырмалары аткарууга алынсын.
6. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын (А.Касымов, М.Калмурзаев, З.Бекматова, М.Исаков).
8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
9. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | М.Н.Жусупахунов |