Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2019-жылдын 18-октябры №52
Токтогул шаардык кеңешинин 08.02.2019-жылдагы № 34 токтомунун 6-тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 14.10.2019-жылдагы чыгыш № 01-34/556 сунушу боюнча “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, жогорудагы токтомго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу айрым өзгөртүүлөр менен жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Корутундуга ылайык, акча кажаттарды кыскартуу жана аларды чыгымдоо багыттары тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн (Таблица 1,2).
3. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына милдеттендирилсин (Н.Кулузакова).
4. Бул токтомдун аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (А.Касымов).
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | М.Н.Жусупахунов |
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 18.10.2019-жылдагы кезектеги XVII сессиясынын № 52 токтомуна Тиркеме
Таблица 1
№ | Статьясы | Мазмуну | Сумма (миң сом) |
1 | 2221, 3111, 3112, 2721 | Тендер өткөрүүнүн жыйынтыгында үнөмдөлгөн акча каражаттары | 604,5 |
|
| Жалпы: | 604,5 |
| Кыскартылсын | ||
1 | 2215 | Шаарда мекемелер аралык конкурс өткөрүү | 50,0 |
2 | 3111 | Жасалма балаты куруу | 500,0 |
3 | 3111 | “Ыңгайлуу шарт” МИ гараж куруу | 1000,0 |
4 | 3113 | Кредитордук карыз (ПДП) | 487,4 |
|
| Жалпы: | 2037,4 |
|
| Бардыгы: | 2641,9 |
Таблица 2
№ | Статьясы | Каражаттарды чыгымдоо багыты | Сумма (миң сом) |
1 | 2211 | БЧУга сапар чыгымдарына | 10,0 |
2 | 2213 | Мектептер, балдар бакчасына IV кварталга ижара акыларына | 420,0 |
3 | 2215 | “Ыңгайлуу шарт” МИ (муниципалдык заказдарга), анын ичинен 175,0 таштанды төгүүчү жайдын ижара акысына | 1421,9 |
4 | 2215 | Д.Турдумамбетов атындагы мектебине (кайрылуу боюнча) | 18,0 |
5 | 2215 | Мектеп, балдар бакчасынын долбоорлорун экспертизадан өткөрүүгө | 150,0 |
6 | 2215 | Ак-Жон участкасындагы ВЛ-10кВт линияны Керимбаев көчөсүнө которууга | 25,0 |
7 | 2221 | Топбазага шагыл төшөөгө | 96,0 |
8 | 2222 | Таштанды салуучу урналарга | 39,2 |
9 | 2224 | “Күн Нуру”, “Арча Бешик” балдар бакчаларына көмүр сатып алууга | 40,0 |
10 | 2721 | И.Токтогуловго китеп чыгарууга (кайрылуусу боюнча) | 25,0 |
11 | 3111 | ДЮСШга ажаткана курууга | 50,0 |
12 | 3111 | Трансформаторлорду (муниципалдык) тосмолоого | 100,0 |
13 | 3111 | Таштанды төгүлүүчү жайды тосмолоого (кредитордук карыз) | 98,0 |
14 | 3112 | №28 Т.Ормонбеков атындагы мектеп-лицейине | 70,0 |
15 | 3112 | Бирдиктүү терезе жасоого | 78,8 |
|
| Жалпы: | 2641,9 |
Төрага: М.Н.Жусупахунов