Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2019-жылдын 18-октябры №53
Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 3-корпусу жайгашкан жерге ээлик кылуучу документтерди алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы, жол байланышы, электроэнергия” боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын, башка депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мыйзам талаптарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык менчикти өз каалоосу боюнча пайдаланып, аны тескей ала тургандыгы эске алынсын.
2. Токтогул шаарынын Дадиев № 1 көчөсүндөгү, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин жер участогунун планынан 3-корпус жайгашкан 400м2 жер аянтын өзүнчө ажыратып, ага муниципалдык менчикти тастыктоочу мамлекеттик акт алынсын.
3. Жогоруда жерге ээлик кылуучу юридикалык документтерин берүү жагы Токтогул райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине милдеттендирилсин (Б.Болгонбеков).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (М.Калмурзаев).
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | М.Н.Жусупахунов |