Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2019-жылдын 18-октябры №54
“Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ынгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын Уставына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 15.10.2019-жылдагы № 01-34-555-а сунушун карап жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 15.10.2019-жылдагы № 01-34/555-а сунушу эске алынсын.
2. “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору кызматына Маранбаев Аласкан Кочкорбаевичти дайындоого макулдук берилсин, буйрук менен бекитип берүү жагы шаар мэрине милдеттендирилсин (Б.Болгонбеков).
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтомдун көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга тапшырылсын (С.Наралиева).
5. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | М.Н.Жусупахунов |