Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2019-жылдын 18-октябры №55
А.Козубеков атындагы Эс алуу багындагы ажаткананы ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29.03.2019-жылдагы № 142 “Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Богонбековдун 15.10.2019-жылдагы сунушун, башка депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Козубеков атындагы Эс алуу багындагы ажаткана Токтогул шаарынын мэриясынын мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрине киргизилсин.
2. Аталган ажаткананы жеке жактарга ижарага берүүгө макулдук берилсин, кирүү акысы 10 сомдон ашпаган баада белгиленсин.
3. Муниципалдык менчикти ижарага берүү иштери мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлсүн (КР Өкмөтүнүн 29.03.2019-ж № 142 токтому).
4. Тооруктун жыйынтыгы менен эки тараптуу келишим түзүлсүн, тараптардын милдеттери, укуктары, ажаткананы күтүү эрежелери, сакталышы боюнча жана башка шарттар кеңири иштелип чыксын.
5. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине милдеттендирилсин (Б.Болгонбеков).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (М.Калмурзаев).
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | М.Н.Жусупахунов |