Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2019-жылдын 18-октябры №56
Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобонун талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун сунуштары “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиянын жыйналышында каралып, корутундусу сессияга сунушталган.
Туруктуу комиссиянын чечимин, башка депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIIIчакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагылардын негизинде, Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын 4 (төрт) талапкерге ыйгаруу боюнча макулдашылгандыгы белгиленсин.
2. Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошкон төмөндөгү тургундарга Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
Мамутов Абдымалик Сарыевич-инженер-куруучу, ардактуу эс алууда;
Райымбеков Кимсан – мугалим, ардактуу эс алууда;
Бекматова Зина Абылгазиевна – № 39 кесиптик-лицейинин мугалими, ардактуу эс алууда;
Чормошов Токтомурат –инженер-куруучу, ардактуу эс алууда, “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасында инструктору;
3. “Ардактуу атуул” наамына ылайык төш белгилерди жана күбөлүктөрдү даярдоо, аларды салтанаттуу тапшыруу аземин уюштуруу Токтогул шаарынын мэрине милдеттендирилсин (Б.Т.Болгонбеков).
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (М.Исаков) тапшырылсын.
6. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | М.Н.Жусупахунов |