Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2019-жылдын 18-октябры №57
Долбоорду ишке ашыруу үчүн өздүк салымга каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Жалал-Абад областынын өнүктүрүү фонду аркылуу “Наристе” балдар бакчасына тамак бышыруучу жай куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө шаар мэри Б.Болгонбековдун сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.
Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Наристе” балдар бакчасына тамак-аш бышыруучу жай куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча бюджет боюнча туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин
2. Долбоордун жалпы наркы 3 551 957 сом болгондуктан, (15,53%) 551 957 сомду өздүк салым катары бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Жогорудагы өздүк салым үчүн керектелүүчү акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүү жагы каралсын.
4. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин (Б.Болгонбеков, Н.Кулузакова).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (А.Касымов).
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга тапшырылсын (С.Наралиевага).
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |