Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-апрели №14/3
Кара-Жыгач айылы Жергиликтүү кеңешти юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө
Жергиликтүү кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы “ Юридикалык жактарды,филиалдарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндөгү” №57 мыйзамынын 11-беренесине ылайык жергиликтүү кеңешти мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айылдык кеңеши юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
2. Айылдык кеңештин фирмалык аталышы мамлекеттик тилде “Кара-Жыгач айыл аймагынын Кара-Жыгач айылдык кеңеши” мекемеси. Расмий тилде Учреждение “Кара-Жыгачский айылный кенеш Кара-Жыгачского айылного аймака”
3. Мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө кеткен чыгымды жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы,Жалал-Абад областы, Аксы районунундагы Кара-Жыгач айылы А.Шерипбаев көчөсү №31.
Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын,ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамда белгиленген учурларда,юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | Ш.Мазакеев |