Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезектеги XV cессиясы
2019-жылдын 30-апрели №15/1
Кара-Жыгач айыл аймагындагы Сыны айылынын Долоно участкасынын фельдшердик-акушердик пунктунун жерине токтом чыгаруу жөнүндө
Кара-Жыгач айыл аймагындагы Сыны айылынын Долоно участкасынын фельдшердик-акушердик пунктунун жерине токтом чыгаруу жөнүндө Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер курулуш ,архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айыл аймагындагы Сыны айылынын Долоно участкасынын фельдшердик-акушердик пунктунун жерине 2005- жылы 15-декабрда чыгарылган №73 буйругу бекитилип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын материалдык жана финансылык каржылоо жагы , айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Момунбековго милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер курулуш, архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Өмүрзаковго жүктөлсүн.
5. Токтом чыккан күндөн баштап күчүнө кирсин жана сайтка жарыялансын.
Төрага | Ш.Мазакеев |