Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезектеги XV cессиясы
2019-жылдын 30-апрели №15/2
Кара-Жыгач айылдык кенештин депутаттарын сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кенештин депутаттарын сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө Кара-Жыгач айылдык кенешинин төрагасы Ш.Мазакееевдин билдирүүсүн , Кара-Жыгач айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара- Жыгач айыл аймагынын Кара-Жыгач айылдык кенешинин төрагасы Ш.Мазакеевге жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги” наамына көрсөтүү сунушталсын.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Жогорудагы Кара-Жыгач айыл аймагынын атуулун сыйлоо боюнча кеткен чыгымдарын камсыз кылуу жагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |