Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезектеги XVI cессиясы
2019-жылдын 30-майы №16/1
Кара-Жыгач айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) материалдарын бекитүү жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер курулуш ,архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун жыйынтык материалдары бекитилсин.
2. Кара-Жыгач айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарын бекитип берүү жагы Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Момунбековго милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
5 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер курулуш, архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Өмүрзаковго жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |