Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезектеги XVI cессиясы
2019-жылдын 30-майы №16/1
Кара-Жыгач айыл аймагындагы Сыны айылындагы фельдшердик-акушердик пунктунун имараты турган жерди, фельдшердик-акушердик пунктунун имаратына бекитип берүү жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер курулуш ,архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сыны айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун имараты турган жерден 0,30га жер аянтын фельдшердик-акушердик пунктка бекитип берүү Кара-Жыгач айыл өкмөтүнөн суралсын.
2. Фельдшердик-акушердик пунктунун имаратынын жана жеринин тиешелүү иш кагаздары тийиштүү мекемелерден суралып, мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Тийиштүү иш кагаздары жана каражатын чечүү айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Момунбековго милдеттендирилсин.
4. Фельдшердик-акушердик пункттун имаратына демөөрчү таап,жумуш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Момунбековго жүктөлсүн.
5. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер курулуш, архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Өмүрзаковго жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |