Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезектеги XVI cессиясы
2019-жылдын 30-майы №17/1
Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун муниципалитеттер аралык кызматташтык долбооруна колдоо көрсөтүү жөнүндө
Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун муниципалитеттер аралык кызматташтык долбооруна биргелешип катышууга макулдашуу боюнча бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун муниципалитеттер аралык кызматташтык долбоорунун экскаватор алуу демилгеси жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Момунбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Төлөгөновго жүктөлсүн.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Мазакеев Ш |