Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезектеги XVIII cессиясы
2019-жылдын 30-майы №18/1
Кара- Жыгач айылдык кенешинин депутаты З. Байгондуевдин арызын кароо жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кенешинин X чакырылышынын депутаты З.Байгондуевдин арызын карап жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 22-беренесине ылайык сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айылдык кенешинин депутаты З. Байгондуевдин өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшыруу арызы канааттандырылып, депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. №1 Кара-Жыгач шайлоо участогуна депутаттыкка кезектеги талапкерди көрсөтүп берүү жагы Аксы райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсүн жана тиешелүү документтерин Аксы райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы- Ш.Ташкуловага милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы - Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук маселери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Мазакеев Ш. |