Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезектеги XVIII cессиясы
2019-жылдын 22-октябры №18/5
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана ФЭБнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн муктаждыктарын чечүү максатында электр энергиясынан жана тендерлерден үнөмдөлгөн 384 000(үч жүз сексен торт) мин акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн.
1. Сыны айылындагы ФАП тын курулуш иштерине - 150 000 сом
2. К.Чекиров орто мектебинин географиялык аянтчасына - 35 000 сом
3. К.Чекиров орто мектебинин жылытуу системасын ондоого
жана лабороториялык сыноодон өткөрүүгө - 73 000 сом 4. А. Молдокеев орто мектебин лабороториялык сыноодон өткөрүүгө жана технадзордун кызмат акысына - 50 000 сом
5. Чарба айылындагы спорт залынын фундаментин толтурууга - 40 000 сом
6. Ийри-Гоо участкасындагы демөөрчүлүк жардамга келген трубаларды коюуга-15 000 сом
7.Борбордук-Көчө участкасындагы ички жолдорду ондоого - 21 000 сом
2. Капчыгай айылындагы таза сууга иш кагаздарын даярдоого бөлүнгөн 120 000 сом, Капчыгай –Тор-Камыш каналын ондоп казууга жумшалсын.
3. Токтомду расмий сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Мазакеев Ш. |