Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-ноябры №58
Түрткү берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорлорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарында 2020-жылга түрткү берүүчү гранттын эсебинен долбоорлорду ишке ашыруу аракеттери боюнча шаар мэри Б.Болгонбековдун 12.11.2019-жылдагы № 01-34/602 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.
Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджет боюнча туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылып, долбоорлордун өздүк салымына керектелүүчү төмөндөгү акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилгендиги белгиленсин:
1) А.Суеркулов көчөсүнө жөө адамдар басуучу асфальт жол (тротуар) куруу боюнча долбоордун жалпы сметалык баасы 1 079 656 сом, өздүк салым (25 %) 269 914 сом;
2) Ботбаев көчөсүнө түнкү жарыктандыруусу менен жөө адамдар басуучу асфальт жол (тротуар) куруу боюнча долбоордун жалпы сметалык баасы 1 525 433 сом, өздүк салым (25 %) 381 358 сом;
3. Бул каражат жыл башында 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүүдө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп бериле тургандыгы эске алынсын.
4. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековго жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
5. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (А.Касымов).
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | М.Н.Жусупахунов
|