Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2019-жылдын 13-ноябры №59
08.02.2019-жылдагы № 34, 18.10.2019-жылдагы № 52 токтомдорго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 06.11.2019-жылдагы чыгыш № 01-34/591-а сунушу боюнча “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, жогорудагы токтомдорго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу айрым өзгөртүүлөр менен жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Корутундуга ылайык:
- Токтогул шаардык кеңешинин 08.02.2019-жылдагы № 34 токтомунун 6-тиркеме, 22-пункт, статья 3111 эсебинен 158 630 сом кыскартылсын, чыгымдоо багыттары ушул токтомдун тиркемесиндеги 1-Таблицага ылайык жүргүзүлсүн;
- жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу долбоорунан атайын каражат эсебине которулган 34 895 сом акча каражаты (статья 14411100) жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын, чыгымдоо багыттары ушул токтомдун тиркемесиндеги 2-Таблицага ылайык жүргүзүлсүн;
- 18.10.2019-жылдагы № 52 токтомдун тиркемесиндеги 2-Таблицанын 4-пунктундагы “2215” статьясы “2221” статьясына которулсун;
3. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына милдеттендирилсин (Н.Кулузакова).
4. Бул токтомду жалпысынан аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).
5. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (А.Касымов).
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | М.Н.Жусупахунов
|
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 13.11.2019-жылдагы кезектеги XVIII сессиясынын № 59 токтомуна
Тиркеме
1-Таблица
№ | Статьясы | Каражаттарды чыгымдоо багыты | Сумма (сом) |
1 | 2211 | Мэриянын аппаратынын сапар чыгымдарына | 30 000 |
2 | 2215 | Борбордук аянттага мониторго үн чыгаруу, онлайн режимине туташтыруу үчүн | 80 000 |
3 | 2215 | Ак Жон, Топбаза, Таласбай, 7-кичирай. электр энергиясына техникалык шарттарын алуу | 15 000 |
5 | 3112 | Токтогул шаардык кеңешине вешалка алууга | 3 500 |
6 | 3112 | Мэриянын имаратына оптикалык байланыш линиясын тартууга ( ВОЛС) | 30 130 |
|
| Жалпы: | 158 630 |
2-Таблица
№ | Статьясы | Каражаттарды чыгымдоо багыты | Сумма (сом) |
1 | 22111100 | Семинарга катышуучулардын транспорттук чыгымдарына | 5 300 |
2 | 22154900 | Жергиликтүү координатордун байланыш чыгымдарына | 4 000 |
3 | 22181100 | Семинарга катышуучуларга кофе-брейк, түшкү тамак үчүн | 22 750 |
4 | 22221200 | Кеңсе товарларын сатып алууга | 2 845 |
|
| Жалпы: | 34 895 |
Төрага: М.Н.Жусупахунов