Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2019-жылдын 13-ноябры №60
Муниципалдык менчиктеги үйдү убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарындагы муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү, куруу, турак жай маселелери, пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча комиссиянын жана калктын социалдык абалы, даректүү жардам боюнча туруктуу комиссиянын 06.11.2019-жылдагы биргелешкен жыйналышынын чечимин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын Кушубаков көчөсүндөгү №4/5 муниципалдык менчиктеги үйдү убактылуу пайдаланууга берүү боюнча жогорудагы комиссиянын чечими жактырылсын.
2. Аталган үй Токтогул шаарынын тургуну, багар-көрөрү жок катары каттоодо турган, II топтогу майып, пенсионер Мырзакулова Кулупага убактылуу жашап туруу үчүн берилсин.
3. Эки тараптын, үйдү убактылуу пайдалануучунун жана пайданууга берүүчүнүн милдеттери, мөөнөтү, мэриянын кызыкчылыгы үчүн зарыл болгондо үйдү тоскоолдуксуз кайра кайтарып алуу жана башка шарттары келишимде так жана жеткиликтүү көрсөтүү жагы каралсын.
4. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине милдеттендирилсин (Б.Болгонбеков).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (З.Бекматова).
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | М.Н.Жусупахунов
|