Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2019-жылдын 13-ноябры №61
“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга өздүк салым үчүн акча каржатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” негизинде, Токтогул шаарында “Коопсуз шаар” долбоорун Жалал-Абад областынын өнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашыруу максатында, жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Токтогул шаарынын вице-мэри Н.Көчөрканованын 13.11.2019-жылдагы № 01-34/605 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.
Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарында “Коопсуз шаар” долбоорун Жалал-Абад областтык фонду аркылуу ишке ашыруу боюнча туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин
2. Долбоордун жалпы наркы 1 558 137 сомду түзгөндүгү эске алынсын.
3. Токтогул шаардык кеңешинин 08.02.2019-жылдагы № 34 токтомунун 6-тиркеме, 22-пункт, статья 3111 эсебинен 155 813 сом кыскартылсын.
4. Кыскартуудан алынган 155 813 сом акча каражаты (добоордун наркынын 10%) долбоорду ишке ашыруу үчүн өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
5. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин (Б.Болгонбеков, Н.Кулузакова).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (А.Касымов).
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга тапшырылсын (С.Наралиевага).
9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |