Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2019-жылдын 13-ноябры №62
Токтогул шаарындагы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жаткан мектептердин жана балдар бакчасынын жылытуу системасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарындагы Т.Сатылганов, Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептерде жана “Арча Бешик” мектепке чейинки билим берүү уюмунда сейсмикалык туруктуулукту жана энергоэффективдүүлүктү жогорулатуу жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүндө жылытуу системасын орнотууда анын түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун аткаруучу директорунун орун басары А.Ж.Мамбеткулованын 31.10.2019-жылдагы № 08-1353 сунушун, Токтогул шаарынын вице-мэри Н.Көчөрканованын 12.11.2019-жылдагы № 01-34/602 сунушун карап, шаардагы курулуш иштерин техникалык жактан көзөмөлдөөчү Э.Жолдошевдин видео маалыматын, башка сунуштарды угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун директорунун орун басары А.Ж.Мамбеткулованын 31.10.2019-жылдагы № 08-1353, Токтогул шаарынын вице-мэри Н.Көчөрканованын 12.11.2019-жылдагы № 01-34/602 сунуштары эске алынсын.
2. Токтогул шаарындагы Т.Сатылганов, Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептерди, “Арча Бешик” мектепке чейинки билим берүү уюмун жылуулук менен камсыздоо үчүн индивидуалдык керамикалык жылыткычтарды орнотууга макулдук берилгендиги белгиленсин.
3. Аталган жылыткычтардын сапатына жана кийинки тейлөө иштерине байланышкан маселелерге катуу талаптар коюлсун.
4. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Болгонбеков).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга тапшырылсын (М.Калмурзаев, А.Касымов, З.Бематова).
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | М.Н.Жусупахунов |