Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-октябры № 170/33-7 12
«Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын чыгаан мамлекеттик ишмери Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин улуттук энергетика тутумунун түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымын эске алып, анын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “ Мамлекеттик маанидеги объектилерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу” жобонун 4-, 12- пункттарына ылайык Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Күрп-Сай ГЭСиннин жаңы аталышы төмөндөгүдөй транскрипцияда бекитилсин:
- мамлекеттик тилде “ Турдакун Усубалиев атындагы Күрп-Сай ГЭСи”;
-расмий тилде “ Курп-Сайская ГЭС имени Турдакуна Усубалиева”.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( И.М.Еркеев),
Токтогул ГЭСтери каскадына (А.К.Кушубаков ) ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |